www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 17-сентябрда Тажикстан менен Кыргызстандын чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу Asia-Plus жазды.
Саламаттыкты сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган жарандардын абалы тууралуу маалымат берди. Жалпысынан 14 киши жабыркаган. Алар:
-1978 жылы туулган Ж.Б., Моюнунан жаракат алган, абалы туруктуу.
-Жаш бала, О. 12 жашта. Оң колу жана желкесине ок тийген. Абалы орто оор, катуу коркуп калгандыктан, аты-фамилиясын айта албайт.
-1976 жылы туулган Р.К., Сол бутуна ок тийген. Абалы орто оор, туруктуу.
-1973 жылы туулган У.Р., Оң бутунан жана сол согончогунан жаракат алган. Абалы орто оор, туруктуу.
-1973 жылы туулган Э.Р., Курсагына ок тийген. Абалы орто оор, туруктуу.
-1978 жылы туулган А.З., Сол акырегинен октон жаракат алган . Абалы орто оор, туруктуу.
-1998-жылы туулган Т. у Г., аскер кызматкери. Оң бутунан ок тийген. Абалы орто оор, туруктуу.
-1997-жылы туулган М. О., Оң көкүрөгүнө ок тийип, жаракат алган. Абалы орточо оор.
-1980-жылы туулган С. Ж., аскер кызматкери. Санынан жаракат алган. Абалы орточо оор.
-1989-жылы туулган Т. М., аскер кызматкери. Ийиндин үчтөн бир бөлүгү жаракат алган. Абалы орточо оор.
-1992-жылы туулган К. К., аскер кызматкери. Абалы өтө оор. Учурда жандандыруу бөлүмүндө.
-1995-жылы туулган А. У., г.р., аскер кызматкери. Абалы өтө оор. Учурда жандардыруу бөлүмүндө.
-1989-жылы туулган Т.у Э., аскер кызматкери. Абалы оор.
-1978-жылы туулган М. Р., аскер кызматкери. Каза болду.
Ал эми чек арадагы ок атышуудан тажик тараптан үч аскер каза болду.