www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактан бир киши каза таап, 13 жаран жарадар болду. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
17-сентябрга карата Баткен облусунун Лейлек райондук ооруканасында 13 киши жатат.
Тизме:
1. Ж.Б., аттуу жаран 1978-жылы туулган. Моюнуна ок тийип, жаракат алган. Абалы туруктуу;
2. Болжол менен 12 жаштагы өспүрүм. Оң колу жана желкесине ок тийген. Абалы орто оор, катуу коркуп калгандыктан, аты-жөнүн айта албайт, нес абалда;
2. Р.К., 1976-жылы туулган, сол жамбашына ок тийип, жарадар болгон;
3. У.Р., 1973-жылы туулган, оң жамбашына жана согончогуна ок тийген. Абалы туруктуу;
4. Э.Р., 1973-жылы туулган, курсагына ок тийген. Абалы орто оор, туруктуу;
6. А.З., 1978-жылы туулган, ок сол далысына тийген, абалы оор;
7. Т. у Г., 1998-жылы туулган аскер кызматкери. Денесине үч жолу ок тийген;
8. М.О., 1997-жылы туулган, оң көкүрөгүнө ок тийип, жаракат алган. Абалы оор;
9. С.Ж., 1980-жылы туулган, аскер кызматкери, октон жабыркаган;
10. Т.М., 1989-жылы туулган, аскер кызматкери. Далысына ок тийип жабыркаган, абалы оор, туруктуу;
11. К.К. аттуу жаран 1992-жылы туулган, аскер кызматкери, абалы өтө оор. Учурда жандандыруу бөлүмүндө;
12. А. У. 1995-жылы туулган аскер кызматкери, жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жатат. Октон жаракат алган;
13. Т. у Э. аттуу жаран 1989-жылы туулган, аскер кызматкери. Октон жаракат алган, абалы оор.
Булак: "NazarNews.kg"