www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чехия өлкөсү 2038-жылга чейин көмүрдөн толугу менен баш тартууну пландап жатат. Бул тууралуу Чехиянын Өнөр жай жана соода министри Карел Гавличек билдирди.
“Көмүр комиссиясы өкмөткө баш тартуу үчүн сунуштай турган жыл – 2038-жыл. Бул Чехияда жылуулук жана электр энергиясын өндүрүү үчүн көмүрдү пайдаланууну басаңдатууга реалдуу мөөнөт”- деди Гавличек.
Эгер өкмөт мындай планды жактырса, 2038-жылдан баштап өлкөдөгү бардык көмүр менен иштөөчү электр станциялары токтойт. Министрдин айтымында, бул 2050-жылга чейин CO2 бөлүп чыгарууну 138 миллион тоннага кыскартат.
Ошондой эле, 2050-жылга чейин Чехия жаңы энергия булактарына болжол менен 16 миллиард доллар инвестиция салууну пландаштырууда.
Эскерте кетсек, Европанын көпчүлүк өлкөлөрү көмүрдөн баш тартышууда. Германия дагы көмүрдү колдонууну 2038-жылы толугу менен токтотууну пландап жатат. Польша 2049-жылга акыркы мөөнөтүн жарыялады.
Булак: NazarNews.kg