www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чехиянын премьер-министри Андрей Бабиш карантин чараларын бузганы айтылган саламаттык сактоо министри Роман Примулага талап койду. Ал министр өз эрки менен кызматтан кетиши керек экенин, болбосо иштен алынарын эскертти.

«Биздин медициналык кызматкерлер жарандарыбыздын өмүрүн сакташ үчүн жан үрөп жатканда мындай нерсе кечиримсиз», - деди Бабиш.

Мунун алдында Роман Примула карантинге карабай Прагадагы ресторанга барганы тартылган сүрөт жарыяланып кеткен. «Blesk» гезити анда Примула премьер-министр Бабиштин ANO партиясынын жогорку расмий өкүлү менен жолугуп жатканын жазган.

Бул жолугушуудан бир нече саат мурда Примула коронавирусту ооздуктоону көздөгөн жаңы чараларды жарыялаган. Ага ылайык, өлкөдө кыймыл чектелип, дээрлик баардык соода жайлары жабылган. Ресторандар менен барлар ага чейин эле убактылуу ишин токтоткон.

Чехияда 22-октябрда 14 151 миң адамдан коронавирус табылды. COVID-19га чалдыккандардын жалпы саны 223 миңден ашты. Пандемия башталгандан бери жалпысынан 1845 киши илдеттен көз жумду. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости