www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономисттердин прогноздору боюнча экономиканын төмөндөшү 6 пайыздын тегерегинде болжолдонууда. Бул тууралуу өкмөткө караштуу бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин отурумунда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, ишкерлерге болгон тоскоолдуктардын түзүлүшүн алдын алуу үчүн ишеним телефон түзүлөт. Анда купуялуулугу сакталат.

"Ар бирибиз экономикабызды көтөрүүгө жапа тырмак жардам беришибиз керек деп ойлойм. Жылдын аягына чейин кырдаалды оңдоп, экономикалык активдүүлүктү жакшыртабыз деген ниеттемин. Биз бизнести криминал менен ыплас атка минерлерден коргойбуз. Ансыз бизде киреше болбойт, ансыз биз эл алдында социалдык милдеттенмелерибизди аткара албай калабыз. Ишкерлер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана бизнес-акыйкатчы жана сиздер үчүн менин эшигим дайыма ачык", - дейт ал

Булак: NazarNews.kg

Последние новости