www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда жарандардын коомдук жайларда милдеттүү түрдө медициналык беткап тагынып жүрүү эрежеси жоюлду. Мындан ары үйлөнүү үлпөт тойлору жана башка салтанаттар “коронавирустук” чектөөлөрсүз өткөрүлөт.

Республикалык коронавируска каршы күрөшүү штабы аталган чечимди өлкөдө эпидемиологиялык абал турукташканын эске алуу менен кабыл алды.

Маалыматка ылайык, маараке-той өткөрүүгө 2020-жылы июлда – COVID-19 пандемиясы күчөп жаткан маалда чектөө киргизилген: үлпөт тойду 40ка чейинки адамдын катышуусунда гана өткөрүүгө уруксат берилген.

Ага ылайык, эми салт-санаа, ырымдарды жөнгө салуу мыйзамына ылайык, 200 кишинин катышуусунда той өткөрүүгө болот.

Эске салсак, Тажикстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус жуктурган 23 жаңы учур тууралуу акыркы жолу быйыл январда маалымат берген. Ушул тапта өлкөдө сасык тумоо жүрүп жатат, бирок оору жеңил жана тез өтүүдө.

Расмий маалымат боюнча пандемия башталгандан бери Тажикстанда 17 миң киши коронавирус жуктуруп, 124 адам өлдү. Эксперттер Саламаттыкты сактоо министрлигинин бул статистикасына анча ынана беришпейт.

Булак: NazarNews.kg

Похожие темы