www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинада согуш башталгандан бери 474 жай тургун набыт болуп, 861и жаракат алды. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгынын кеңсеси билдирген.

Статистикалык маалыматтарга караганда, 861 адам жабыркаган. БУУнун айтымында, реалдуу жоготуулар мындан да көп болушу мүмкүн.

"Оор артиллериядан жана бир нече жолку ракеталык чабуулдардан, ошондой эле абадан сокку уруудан улам, жергиликтүү тургундардын өлүмү көбөйүп, жаракат алгандар да арбыды", - деп айтылат статистикада.

Ал эми, кээ бир согуш жүрүп жаткан аймактардан так маалымат берилген эмес. Волноваха, Мариуполь жана Изюм шаарларындагы маалыматтар топтолсо өлүмдөрдүн жана жаракат алган адамдардын саны өсүшү мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости