www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Джо Байден Орусиянын мунай импортуна тыюу салынганын жарыялады. Бул орус президенти Владимир Путиндин Украинадагы согушу үчүн “чоң сокку” болорун эскертти. 8-марттагы кайрылуусунда Байден “эркиндикти коргоонун баасы жогору” экенин америкалыктарга белгиледи.
“Путин Украинадагы согушту жеңбеси айдан ачык болуп калды. Путин бир шаарды басып алышы мүмкүн, бирок эч качан ал өлкөнү кармап калбайт”, - деген Байден.
Өз кезегинде, Украин президенти Владимир Зеленский Батышты Москванын ири киреше булагы болгон орус мунайы менен газын сатып албоого чакырып келе жатат.
АКШнын мунай импортунун 8% жакыны Орусияга туура келет, газды болсо америкалыктар ал өлкөдөн албайт.
Байден буга чейин энергетика тармагындагы санкцияларга көнбөй келген. Мамлекет башчы күйүүчү майдын баасы көтөрүлүп, анын кесепети АКШдагы кардарларга да тиерин кошумчалаган.
Азырынча Европа Биримдиги ушундай кадамга бараар-барбасы белгисиз. Эски континент орус энергия булактарына көбүрөөк көз каранды. Европа өлкөлөрү керектеген жаратылыш газынын үчтөн бир бөлүгү Орусиядан келет.
Белгилей кетсек, Еврошаркеттин лидерлери 10-мартта Версалда жолугушуп, Москванын энергия булактарынан көз карандылыкты азайтуу жолдорун талкуулашмакчы.
Булак: NazarNews.kg