www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын Стамбул шаарында кишинин органдарын мыйзамсыз сатууга шектелип 18 чет элдик адам кармалгандыгын "Анадолу" агенттиги жазды.
Иликтөө иштери органдарга муктаж болгон бейтаптын тууганымын деген чет элдиктердин шектүү көрсөтмөлөрүнөн кийин башталган.
"Текшере келгенде органын сатам дегендердин пациенттерге эч кандай тиешеси жок экендиги аныкталды. Кармалган 18 адамдын арасында Нигерия, Уганда, Грузия, Россия, Украина, Кыргызстан жана Түркмөнстандын жарандары бар", — деп жазды агенттик.
Кармалгандардын канчасы Кыргызстандын атуулу экени такталып жатканы маалымдалды.
Сурактан кийин сегиз киши эркиндикке чыккан. 10 адам сот алдына бара турган болгон. Анын ичинен бешөө камакка алынып, калган бешөө өлкөдөн сыртка чыкпайм деген тил кат менен кое берилген.
Булак: NazarNews.kg