www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
29-ноябрда бир нече саясатчылар ачкачылык жарыялаган Бектур Асановдон кабар алып, абалын сураган. Белгилүү журналист Сабырбек Муканбетов, "Адилеттик үчүн ачкачылыкка чыккан адамды " маа десе өлүп кетсин"- деп табалоо адамкерчиликке жатпайт", - дейт.
Атамбаев телефондон сүйлөшкөн сөзү үчүн Бектур Асанов, Кубаныч Кадыров ж.б. күнөөсүз камаганын баарыбыз билебиз. Анан Садыр Жапаров акталып, Бектур Асанов ж.б. акталбаганы адилеттикпи?
Адилеттик үчүн ачкачылыкка чыккан адамды "маа десе өлүп кетсин"- деп табалоо адамкерчиликке жатпайт. Жаңы бийлик опоненттерин ушундай басмырлоо жолу менен тынчытам, жеңем десе катуу жаңылышат. Адилеттүүлүк гана саясий туруктуулукка алып келет. Азырынча бүгүнкү бийликтин бул жагдайды түшүнүп жатканы байкалбайт. Араздашууну күчөтүп, өздөрү олтурган бутакты таарып аткандай сезилет.
"Шайлоодон кийин да жашоо бар, шайлоодон кийин араздашууну токтото алабызбы, опоненттерди эмне кылабыз, кантип тынчытабыз?" - дегенди ойлонгон жан жоктой. Каршылаштарды кантебиз, көчүрүп ийебизби же кырып салабызбы?
Азыр бийликке каршыларды козутуу жүрүп, алар көбөйүп жатат. "Буларды кантебиз?"- деген бийликтин кеңешчилери көрүнбөйт. Баары эле - "өлсүн, жанч, даканца" - болуп кетти го..., - деди Сабырбек Муканбетов.
Булак: NazarNews.kg