www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чет өлкөлөрдө каза тапкан мекендештерди Кыргызстанга алып келиш үчүн берилүүчү кенемте акчаны алуу тартиби жеңилдеди. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев 13-мартта журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, бул үчүн атайын жобо иштелип чыкты. Бул боюнча Азаттык маалымдайт.

Ага ылайык, мындай кенемте алыш үчүн жарандар болгону үч документ: маркум тууралуу медициналык мекемеден маалымкат, ишеним кат жана паспортун даярдайт. Кенемтенин жаңы суммасы - 50 миң сом. Бул акча бардык жарандар үчүн бирдей өлчөмдө берилет.

Мурунку убакта сөөк алып келиш үчүн мамлекеттен кенемте алууга милдеттүү түрдө 14 документ тапшырылчу, аны комиссия бир айдын ичинде карачу. Кенемтенин өлчөмү 22 миң сомдон 35 миң сомго чейин бекитилген.

Былтыр Орусиянын бир эле Москва шаарынан Кыргызстанга 197 мигранттын сөөгү жөнөтүлгөн.

Последние новости