www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ТЭЦке дагы 6 млн. доллар сарпталат

ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов Кытайдын ТВЕА компаниясы Бишкек жылуулук электр борборуна суу даярдап берүүчү жаңы химиялык цех куруу үчүн керектүү жабдуу, тетиктерди алып келе баштаганын билдирди.

Ал өз сөзүндө, ЖЭБде жаңы блоктор үчүн кошумча кубаттуулуктагы химиялык цехти Кытай тарап өз эсебинен куруп берүүгө макул болгон. Ага 6 миллион долларга жакын каражат сарпталат.

Эске сала кетсек, ТЭЦтеги авариядан кийин иштен алынган ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу буга чейин энергетика тармагындагы ишканалардын жетекчилерин бир жумага созулган кырсыктын «Чыныгы себебин жаап-жашырып, элге туура эмес кабар берип жатат» – деп сындап чыккан.

Кырсыкка модернизация иштеринде салынууга тийиш болгон химиялык суу даярдоо системасынын курулбаганы жана имараттар өз убагында оңдолбогону түрткү болгонун жар салган.

Бул тууралуу маалыматты "Фабула" гезитинен NazarNews.kg маалымат агенттиги шилтеме жасады. 

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости