www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаев президенттик шайлоодон кийин кашыктап чогулткан кадырынан айрылып, «жээликкен таз, демиңди бас» болуп, мурунку таз кейпине келди.
Саясий чөйрөдө салмактуу саясатчы катары элге төбөсү көрүнө баштады эле, түптүз жерден оңкосунан сайылып аутка кетти. Коомчулук Төрөбаевди саясатчы катары эмес, жеке кызыкчылыгы үчүн баарына даяр болгон жеңил ойлуу, күн тийген жердин күкүгү болгон кубулма жүзүн көргөндө жерге түкүргөнгө аргасыз болушту.
Дээринде иш билгилик, туруктуу, кайраттуу сапаты жок адам саясатчы болуп жарытпайт тура. Бирок мындайлар мурдуна карап бышкырып, алына карап иш кылбайт экен. Качан болсо колу жетпеске умутулат… Максатына жетиш үчүн кимдин колунда бийлик болсо колтугуна кирип, алдына көлдөлөң болуп төшөлөт.
Мына президенттик шайлоодо Жээнбековдорго каршы иштеп, Бабановдун колуна суу куюп жүрдү эле, эми болсо Асылбек Жээнбековго киргенге жылчык издеп шыйпаңдап жүрөт. Анан ушундай байкуштар кантип эл камын көрө алат?
Бул тууралуу маалыматты "Фабула" гезитинен NazarNews.kg маалымат агенттиги шилтеме жасады.
Булак: NazarNews.kg