www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облусундагы Лейлек районунда чек арачылар аткезчилик менен Тажикстанга киргизилип бараткан жеринен 24 тонна күйүүчү майды кармашты. Бул туурасында "Азаттык" жазып чыкты.
Чек ара кызматынын "Азаттыкка" берген маалыматы боюнча, күйүүчү майды тажикстандык эки жаран көзөмөл өткөрүү бекетинен тышкары жерден алып өтүүгө аракет кылган.
Кармалган тажик жарандарына мамлекеттик чек ара режимин бузганы үчүн айыппул салынып, ал эми күйүүчү май Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын аймактык бөлүгүнө өткөрүлүп берилген.
Кыргызстандан Тажикстанга аткезчилик жол менен күйүүчү май ташылып келгени жөнүндө буга чейин да айтылып келген.