www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Энергохолдингдин» жетекчиси Айбек Калиев энергетика тармагын жетектеп жарыта алган жок. Жаштык кылдыбы же тажрыйбасы аз болгондуктанбы, болбосо иш билгилик сапат дээринде жокпу, айтор сындан башы арыла элек.
Ырас, «эт эмес же чел эмес» болгон мажүрөөлүгүнүн айынан учурда энергетика тармагы аксап турат.ТЭЦтеги аварияга, 386 миллион доллардын майнапсыз сарпталышына, бул тармактагы коррупциянын гүлдөшүнө Калиев түздөн-түз жоопкер.
Мына Энергетика министрлиги болуп турганда министрликтин башкы аппаратында 77 адам иштеп, жылдык бюджети 23 миллион сом болчу. Бул каражат бардык чыгымына жетчү. Өлкөдө авариялык абал катталган эмес.
Ал эми «Энергохолдинг» түзүлүп, Айбек Калиев башына келгени холдингде иштегендердин саны 43 болуп, бюджети 74 миллионду түздү. Тилекке каршы, олчойгон маяна алышып, бирок жарытылуу иш кылышкан жок. Көрсө булар ичип-жегенден башканы билишпейт окшойт. Бул тууралуу маалыматты "Фабула" гезитинен NazarNews.kg маалымат агенттиги шилтеме жасады.
Булак: NazarNews.kg