www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Трамптын убагында Кыргызстан АКШга кирүүгө тыюу салынчу мамлекеттерине кирип калган. Бирок АКШда өзүнө кызмат кылган депутаттарды унутуп калган жок, аларды башынан сылап экс-спикер Дастан Жумабековду аппарат жетекчиси азыркы президенттикке талапкер, сектанттан мусулманга айланган Саматбек Ибраевди баш кылып, Текебаевдин “Ата-Мекенин“ колдоп жүрүп вице-премьерликке келген Элвира Сурабалдиеваны төш кылып он бештей “чимкирик” депутаттарга беш жылга виза берген.
Бул эмне дегенди түшүндүрөт? Булар Мекенине башаламандык кылып, каалаган күнү жылт коюп АКШга кире качса болот. Кыргыз эли эмне болсо ошол болсун.Булар жакшы жашаса болду да. “Чимкириктердин” дардаң депутаты Аскар Шадиев да виза алгандардын катарында, ал башына күн түшкөндө Тажикстан аркылуу океандын ары жагына өтүп кеткен. Азыр эч нерсе болбогондой Американын бир мамлекеттинде шаттанып жүрөт.
Орусияда кара тизмеге көптөн бери кабылып, буга эбакта көнүп бышы кулак болуп калган. Дүйнөлүк чоң мамлекет АКШ Кыргызстанды мушутум менен коркутуп колуна алгысы келет. Дональд Трамп АКШга визага тыюу салынчу мамлекеттердин тизмесинде Кыргызстанды да кошуп койгон. Ошол учурда бул кабар АКШнын жергиликтүү жана дүйнөлүк ММКларында кенен тарап, «дуу» эле болуп калган.
“Азаттыкка” окшогон АКШ Конгрессинин май –талканын ашап-көнүп алган үн алгылар кол чаап мындай кабарды тосуп алышкан. Эмне бул да “Азаттыктын” өз мекени Кыргызстанга болгон кыянатчылыгыбы? Кээ бир түшүнбөгөндөр муну «АКШ азыркы бийликке нааразы экен» дешип, кайдагы бир геосаясый себептерди издеп башташты. Кыргызстан менен биримдикте жүргөн Орусия АКШнын дүйнөлүк аренада атаандашы, АКШ Орусияга карата визага тыюу салынчу мамлекеттердин тизмесине кошуп,экономикалык санкцияларды коюп жүрүшүп, көнүп деле калышты.
АКШдын дагы бир баш оорусу жаралып, АКШ президенттигинде шайлоодо Байден жеңишке жетишти. АКШтын президенти шайланаарда Орусия да чечүүчү ролду ойноп кетет. Анткени, АКШда орус тилдүүлөр шайлоочулардын эң активдүү адамдары. Англис тилдүүлөргө бары бир, ким президент болсо ошол болсун дешип, алар шайлоого көп кызыгышпайт, ал эми орус тилдүүлөр шайлоо болордо “тирилип” кетишет да чыныгы электорат катары шайлоону каалагандай чечип коюшат.
2016-жылдагы президенттик шайлоодо Клинтондун жубайына каршы орус тилдүүлөр иштеп, Дональд Трамптын президент болушу үчүн орустар чоң роль ойногон. Ушундан улам Трамп кайрадан шайланып келиши үчүн Орусия менен катуу чырдашуудан чоочуп турган. Эми бары бир кетерин билип катуу саясий чабуулга өттү. Трамп Кыргызстанды бүлүнтүү максатында 4 млрд. 200 млн сомдук накта 60 млн.сомду бекер жерден жиберген эместир...
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg