www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын тургуну Дары-дармек менен камсыздоо департаментинин өкүлдөрүнүн жоопторун сынга алды. Ал дарылардын кымбатташы боюнча чиновниктердин бири-бирине окшош түрдөгү жоопторуна нааразы.

Белгилей кетсек, бүгүн Биринчи радионун эфиринде Дары-дармектер департаментинин директорунун орун басары Чынара Мамбеталиева дары-дармектердин абалы жөнүндө айтып берди. Эсен аттуу жаран студияга телефон чалып, чиновниктин жоопторун сынга алган.

«Эл баалар боюнча суроолорду берип жатат. Бул суроолорду калктын кайсы категориясы көтөрүп жатканы белгилүү. Акчасы бар адамдар баарыбызга түшүнүктүү болгондой эле, албетте, баа жөнүндө сүйлөшпөйт. Бардык жооптор бирдей экендиги мени капалантат - инкубатордогу жөжөлөр сыяктуу. "Биз эч нерсе кыла албайбыз" жана башка ушул сяктуу эки тамчы суудай окшош жооптор. Фармация өкмөткө буйрук берсе макул, ошентип эле элге айтыш керек. Бул жылдар аралыгында биз көп жана кооз сүйлөгөндү үйрөндүк, бирок эч нерсе кылган жокпуз. Же бизге дары-дармектердин баалары боюнча суроолорду бербегиле деп айткыла, анткени буга баары бир көңүл бурбайсыңар», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости