www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абдил Сегизбаев УКМКны тейлеп турганда жалган жалаалар токулуп, атаандаштарынын бары камакты көздөй айдала турган. Ал өзү деле, эл деле билет, көп шайлоочунун добушун ала албайт, бирок президенттик шайлоого талапкер катары жутунуп чыгып, бийликти өкүртө сындап, саясый упай топтоп жатат. Муну менен ал эл көзүнө, эл аралык чөйрөгө өзүн бир саясый күч катары, оппозициялык  бирдик катары көрсөтүүгө аракеттенүүдө. Сегизбаев сезип турат, 10-январдан кийин жаңы шайланган президент  мурунку эски чиновник-кылмышкерлердин баарын кылган кылмыштары үчүн мыйзам түрүндө жоопко тартарын, ошондуктан мындан ары алар үчүн Кыргызстанда тынч жашап калууга мүмкүн эместигин. Алардын бир гана жолу калды – чет өлкөгө саясый башпаанек сурап качуу. Абдил Сегизбаев мына ушул максатта президенттикке талапкердин кол тийбестик макамынан пайдаланып, бийликти сындап, оппозиционер катары таанылып, шайлоодон кийин,  Алматы аркылуу чет өлкөгө башпаанек сурап качканы турат. Азыр Абдил Сегизбаевдин бир нече кызматкерине, анын ичинде эки орун басары Болот Сүйүнбаев менен Дүйшөнбек Чоткараевге да алтын контрабандасы боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган кызматкери начальниги Дүйшөнбек Чоткараевге каршы көрсөтмө берсе, Чоткараев Болот Сүйүмбаевге каршы көрсөтмө берип жатат. Ал эми Болот Сүйүнбаев тергөөдөн качып жүрөт. Бул сыйыртмак акырындап Сегизбаевге жакындап келе жатканынан  ал өзүн президенттикке талапкер катары көрсөтө коюп, жоопкерчиликтен качуунун айла-амалын издөөдө. Айта кетүүчү нерсе, 22 кг алтын контрабандасы бул бир гана кылмыш эпизоду болуп эсептелет. Жакшылап иликтесе мындай эпизоддордун көбүнө күбө болобуз.

УКМК алтын зер буюмдарынын аткезчилигине байланыштуу ачылган сотко чейинки териштирүүнүн алкагында мекеменин төрагасынын мурдагы орун басары Болот Сүйүмбаевге издөө жарыялаганын атайын кызматтын басма сөз кызматы кабарлады. Анда айтылгандай, бул ишке Сүйүмбаевдин тиешеси бар экени тууралуу айныксыз далил буюмдар алынган. Буга байланыштуу ал суракка чакырылып, келбей койгон. УКМК Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалаңуу») жана 223-беренеси («Экономикалык контрабанда») боюнча шек саналып жатканы тууралуу Болот Сүйүмбаевдин сыртынан кабарлама таратылды жана издөө жарыяланды.

Тергөө иштери уланууда. Атайын кызмат мурдараак мекеме жетекчисинин мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев кармалып, атайын кызматка жеткирилгени жөнүндө маалымат таратып, ал да ушул иш боюнча суракка алынганын билдирген. Мекеме анда Аскер прокуратурасы 2019-жылдын март айында ири көлөмдөгү зер буюмдарынын аткезчилиги, айрым товар жеткирүүчүлөрдүн УКМКнын кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алганына байланыштуу бир нече кылмыш ишин козгогонун кабарлаган. Тергөө маалында жетиштүү далилдер чогултулуп, аткезчиликке тиешеси бар тараптар жоопко тартылган. Алар күнөөлөрүн мойнуна алып, мамлекетке келтирилген 6 миллион сомдон ашуун зыяндын орду толтурулган.

Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости