www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сокулук районунда жолду мыйзамсыз тосууну уюштурууга шектүү катары белгилүү блогер жана бейбаштыкка шектүү катары эки жергиликтүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 14-июлда саат 20:30да Сокулук районуна караштуу Селекция айылында, түштүк магистраль автоунаа өтүүчү жолду жоон топ адамдар тосуп алып, автоунаалар өтө албай калгандыгы жөнүндө Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө маалым болгон.
Сокулук РИИБинин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барган учурда, жүздөн ашык жаран жолду тосуп автоунааларды өткөзбөй жатканы такталып, ал жарандар Селекционное айылынын тургундары экендиги жана таза суу маселесин чечүү үчүн жолду тосуп алгандары аныкталган.
Жолду тоскон жарандар менен КР ИИМинин жетекчиликтен жооптуу, Чүй ОИИББинин жана Сокулук РИИБинин жетекчилиги өздүк курам менен, Сокулук районунун акими жана Бишкек шаарынын суу чарбасынын башчысы келип түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бирок ал жарандар милиция кызматкерлери тарапка таш ыргытып, баш ийбей жолду тосууну улантышкан.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен автоунаа өтүүчү жол 15 июлда түнкү саат 02:00 убакытта ачылып, чогулган эл тараган.
Аталган окуя боюнча маалымат Сокулук РИИБинин электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү ишинин жүрүшүндө кийинки жагдай такталган.
Селекционное айылынын “Сары-Өзөн” аттуу жаңы конуштун тургундары ар кандай маселелерди талкуулоо жана чечүү үчүн түзүлгөн “Ватсапп” группасы аркылуу, акыркы учурда көйгөйлүү болгон суу маселесин дагы талкуулап келишкен. Ал “Ватсапп” граппага ар кандай маселелерди коомчулукка алып чыгып жүргөн белгилүү блогер “Э.И.” кошулуп, суу маселеси боюнча болуп жаткан талкууга катышып, жергиликтүү тургундарды радикалдуу кыймыл аракет жасабаса суу маселеси чечилбесин баса белгилеп “жолду жабуу” керектигин айткан жана ал өзү өзүнүн социалдык тармактардагы жеке баракчалары аркылуу колдоо көрсөтөөрүн айтып, жолду жабууга үгүттөгөндүгү такталды.
Текшерүү учурунда Селекция айылындагы автоунаа жолун жабуу, бул атайын уюштурулган жана ишке ашырылган иш-чара экендиги такталган.
Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы менен Сокулук РИИБинин тергөө кызматы тарабынан аталган окуяда Кылмыш-жаза кодексинин 279-беренесинде (Жолдорду мыйзамсыз тосуу) жана 280-беренесинде (Бейбаштык) көрсөтүлгөн кылмыш курамынын белгилери бар экендиги такталып 2023-жылдын 15-июль күнү кылмыш иши козголгон.
Кылмыш иши боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнин 279-беренесинде (Жолдорду мыйзамсыз тосуу) көрсөтүлгөн кылмышка шектүү катары 1980-жылы туулган Э.И. кармалып, КР ЖПКнин 96-беренесине ылайык убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Ал эми Кыргыз Республикасынын КЖКнин 280-беренесинде (Бейбаштык) көрсөтүлгөн кылмышка шектүү катары 1974-жылы туулган Б.Б. жана 1972-жылы туулган Б.Б. кармалып КР ЖПКнин 96-беренесине ылайык убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө улантылып жатат.
Булак: NazarNews.kg