www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдө футбол ойноп жаткан адам каза болду

31-августта Чүй облусундагы Онбир-Жылга айылында жаш жигит футбол ойноп жатып каза болду. Бул тууралуу маалыматты облустун саламаттыкты сактоо координатору Бактыгүл Мамытова тастыктады.

Эркек күтүүсүздөн өзүн жаман сезип, ооруканага жеткирилген, бирок сактап калууга үлгүрүшкөн эмес.

"Балким, жүрөгү кармап калгандыр. Ооруканага ал каза болуп калганда алып келишкен. Сөөк өлүкканага жөнөтүлгөн. Өлүмдүн себебин так билбейбиз, экспертиза көрсөтөт. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды", — деди координатор.

Жалпыга маалымдоо каражаттарында маалымдалгандай, аталган айылда республикалык эгемендүүлүк майрамына карата футбол боюнча мелдештер өткөрүлгөн.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости