www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Балыкчы шаарынан эки автоунааны уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Балыкчы шаарында унаа уурдоого байланыштуу бир катар кылмыштардын бети ачылды. Алардын бири 20-августтан 21-августка караган түнү орун алган. Белгисиз жарандар 25 жаштагы жергиликтүү тургундун короосуна киришип, ага тиешелүү болгон "ВАЗ-2109" үлгүсүндөгү автоунаасын айдап качып кетишкен. Көп өтпөй, Балыкчы шаарынын 28 жаштагы тургунуна таандык "БМВ" үлгүсүндөгү автоунааны да, белгисиз жарандар уурдап кетишкен.
Эки факты тең Балыкчы ШИИБинин КБРне катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) менен кылмыш иштери козголгон.
Балыкчы шаарынын милиционерлери бир нече күн бою кылмышкерлерди издөө жана кармоо боюнча активдүү иш-аракеттерди жүргүзүштү. Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, Чолпон-Ата шаарынан шектүү жаран изделип табылып, колго түшүрүлдү. Кармалган шектүү жаран мурда бир нече жолу соттолгон Талас облусунун тургуну 44 жаштагы М.С. болуп чыкты. Далил зат катары уурдалган автоунаалар алынды.
Алдын ала суракта кармалган шектүү жаран жасаган кылмыштары боюнча күнөөсүн мойнуна алган көрсөтмөнү берди. Ошондой эле кармалган шектүү жаран 31 жаштагы С.В. аттуу шериги менен автоунааларды айдап качкандыгы аныкталган. Балыкчы ШИИБи тарабынан автоунааларды айдап качууга шектелип, экинчи шектүү жаран издөөгө жарыяланган.
Соттун чечими менен кармалган шектүү жаранга карата тергөө амалдарын жүргүзүү мезгилинде 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы тандалып алынды.
Учурда Балыкчы ШИИБинин тергөө кызматы тарабынан шектүүлөрдүн башка ушундай эле кылмыштарга тиешеси бар, же жогун текшерүүдө. Анткени, тергөөнүн жүрүшүндө республиканын башка региондорунан уурдалган деп болжолдонгон кошумча 3 автоунаа табылып алынган.
Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмү жарандардан, аталган шектүүлөрдүн мыйзамсыз аракеттеринен жабыркагандарды, ошондой эле издөөдө жүргөн С.Внын кайда жүргөнүн билгендерди шаардык милиция бөлүмүнө кайрылууну же 03944-3-27-01, 0509-24-24-44, "102" телефондоруна чалууну өтүнөт.
Булак: NazarNews.kg