www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Барселона»  Аскар Салымбековго майдай жакты. Салымбеков ким президент болсо, ошонун жакшы көргөн «хоббисин» сүйүп калат. Акаевдин убагында голографияны, АШАнын убагында аракты, Отунбаева убагында роза гүлүн. Жээнбековдун убагында кара куурайды бериле сүйүп калган эле. Эми ал сүйүүүсүн алмаштырыптыр. Көрсө, Аскар Салымбеков «Барселонаны» сүйөт турбайбы? Сүйүүсү койнуна батпай ташкындап кеткен Аскар Салымбеков чыдап ичине батыра албай көрүнгөн жерде эле жар  салып жүрөт «Барселона» жөнүндө, мактап. Бирок «Барселонанын» мекени Испанияда иш-чатак экенин билбейт. Аскар Салымбековго окшогондор элдин барын «тупой» көрүшөт. «Барселонанын» мекени Испанияда футбол боюнча эл көтөрүлүп катуу айыгышкан кармашуулар болуп жатат.  Себеби футбол федерациясынын жетекчиси бир кызга сексуалдык ыдык көрсөтүптүр. Эл толкуп турат. «Барселона» болсо биякта жүрөт...

«Барселонанын» мекени Испания тууралуу сөз болгондо, НАТО эске түшөт. Анын мекени Испания НАТО менен биригип Орусияны мышык чычканды талагандай талап турат. Эгемендүүлүк күнү Орусия президенти Садыр Жапаровду куттуктап биздин өнөктөштүгүбүз кылымдарга өсө берсин деди. Биздин бийлик тарап Москваны карап ошолор менен достук мамиледе экенин Аскар Салымбеков барыбыздан дурус билет. Анда эмне эле Аскар Салымбеков «Барселонанын» мекени Испания менен бириктирип сүйөт? Же Аскар Салымбековго тышкы саясаттын кереги жокпу?

Өз эмгеги менен ишкерчиликтин жогорку чөйрөсүнө жеткен Аскар мырзаны «тёзкасы» Аскардын заманында да, андан кийинки замандарда да көрө албагандар  көп болгон. Анткени алар бийликтин жардамы менен ашап жеп байыгысы келишсе да, алдында таза эмгеги менен бизнес жасап жаткан Салымбеков турса эмне кылат. Салымбековдун элге жасаган кызматын санабай эле коёлу, анткени барагыбыз жетпейт. Ал үчүн жүз барактуу гезит болуш керек. Ал кийинки заманда эле нарындык мекенчилерди колдогону эле канчалык жүк. Апрель революциясынан кийин элдин коопсуздугун коргогон жигиттерди өз демилгеси менен колдоп, канчалаган материалдык жардам берип турду. Ушундай эл үчүн кымбатчылык заманда датын айтып, жардам сурап баргандардан жардамын эч аябайт дешет. Бирок бул сөз жүзүндө гана, пиар үчүн, иш жүзүндө Салымбековду деле «битир» дешет. Мүмкүн мактаныч үчүндүр. Анткени кыргызда мындай макал пайда болуптур, «Даттангың келсе Алымбековко бар, мактангың келсе Салымбековко бар» деген. Салымбековдун мактанчаак экенин көп деле адамдар биле бербейт, арийне Салымбековдун эл үчүн жасаган кээ бир иштери элге жетпей аткансыйт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости