www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттыкты сактоо министрлиги Васильевка айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчисин шалаакылыгы үчүн кызматынан бошотту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Эскерте кетсек, Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Васильевка айылында мектептин бүтүрүүчүсү 9-класстын окуучусун сабап салган.
Жергиликтүү тургундар бул окуяга күбө болгон аймактык башкы дарыгерге нааразы болушкан. Себеби ал өспүрүмдүн кыймылсыз жатканын көрүп туруп унаасын айдап кетип калган. Жабырлануучуга башка өтүп бара жаткандар жардам беришкен.
Тургундар дарыгердин аракетине баа берүү талабы менен саламаттыкты сактоо министрине кайрылууга ниеттенип жатышканын билдиришкен.
Буга байланыштуу Чүй облусунун саламаттыкты сактоо координаторунун жетекчилиги тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында клиникалык жетекчини шалаакылыгы үчүн кызматынан бошотуу чечими кабыл алынган.
"Жабыркаган өспүрүм "Тез жардам" кызматы менен Бишкек шаарынын Балдар клиникалык тез жардам ооруканасына жеткирилген. Ал жактан ага бардык керектүү жардамдар көрсөтүлгөн. Дарыгерлер өспүрүмдүн абалын туруктуу деп баалап жатышат", - деп айтылат министрликтин маалыматында.
Булак: NazarNews.kg