www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде Кыргызстанда жолдорду курууга жана реконструкциялоого кайсы ишкерлер демөөрчүлүк кылып жатканын айтып берди.
Анын сөзүнө караганда, жол оңдоого төмөндөгү ишкерлер ири суммада каражат бөлүшкөн:
▪️Нарын шаарынын жолдору өз ыктыяры менен 50 миллион сом бөлгөн "Бай-Түшүм" банкынын ээси Жумабек Салымбековдун эсебинен оңдолууда
▪️"Бакай Банктын" ээси Сергей Ибрагимов мамлекетке 200 миллион сом которгон. Ага Баткен менен Таластын ички жолдору оңдолот экен.
▪️"АКБ Кыргызстан" банкынын кожоюну, айтылу ишкер, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов 80 миллион сом бөлгөн.
▪️Марат Назарбеков менен Алмазбек Тиленбаев деген жеке ишкерлер 30 миллион сомдон беришкен.
▪️Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүн бюджеттин эсебинен оңдоого 2 миллиард сом каралган.
Албетте, жеке ишкерлердин, байлардын өлкөнү ойлоп демерөөрчүлүк кылып жатышканы жакшы. Ошентсе дагы бирок деген маселе бар. Чындап өз каалоолору менен миллиондорду беришиптирби, же коркутууларга, басым-кысымга кабылып, карактоолоорго туш болуштубу?
Дегенибиз, буга чейин өз ыктыяры менен мамлекетке жардам деп бир тыйын бөлбөгөн ишкерлер, азыркы бийликтин тушунда эмнеден улам жибип кетишип, оңой эле ичтерин оорутпастан ондогон, жүздөгөн миллиондорду кармата салыштыбы деген суроо жаралат. Айтор, бүдөмүк суроолор көп, жооп жок.
Арийне, президенттин: "Бул өз мекенине кайдыгер карабаган ишкерлер. Булар Кыргызстанда тапкан кирешесин бөлүшүүнү билген улуу инсандар. Ыктыярдуу жардамдары үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Мындай жоомарт жигиттер Кыргызстанда көп болсо керек деп ойлойм", - дегендей, ырасында эле
ылайым өлкөнү ойлогон ишкерлер арбын болсун.
Кыскасы, ишкерлер карактоого эмес, камкордукка муктаж. Президенттин сөзү, башка ишкерлерге силер дагы өз каалооңор менен мамлекетке демөөрчүлүк кылгыла дегендей ишарат болбош керек.
Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алууга тыюу салынат
Булак: NazarNews.kg