www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын Коргоо министри Гюлердин Анкарадагы ракета чыгарган заводдогу жардыруудан соң иш-сапары үзгүлтүккө учурады. Ал Сирия менен чектешкен Хатай провинциясына бара жаткан. Бул тууралуу Hürriyet кабарлады.

Буга чейин Ihlas агенттиги маалымдагандай «Анкарадан алыс эмес жердеги ракета жана ок-дарыларды чыгарган заводдо жарылуу болуп, 5 адамдын өмүрүн алып кеткен». 

Окуя болгон жерге өрт өчүргүчтөр менен медицина кызматкерлери жөнөп кетишкен. Жарылуу өндүрүштүк цехте болгон.  

Анкара провинциясынын губернатору Васип Шахин билдиргендей, жардыргыч заттарды даярдоодо көзөмөлсүз химиялык реакция жүрүп кетип, анын кесепети жарылууга алып келген. Губернатордун айтымында жарылуу 08:45те динамит даярдоочу цехте болгон.

Куткаруучулар урандылардын алдындагы жарадар адамдардын баардыгын коопсуз жайга көчүрүшкөн.  

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости