www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү күндө Өмүрбек Текебаев баш болуп, Садык Шер-Нияз төш болуп, "Ата Мекен" партиясынын бир катар мүчөлөрү президент Садыр Жапаровдун саясатын колдомуш болгон позиция менен жылуу коңулга кирип алып күн көрүп жатышат. 

Оппозиция болумуш болгон, бирок кошоматчылыкты катырган атамекенчилердей арамза болуш көптөрдүн колунан келбейт. Эки жүздүү саясатты буларчалык эч ким жүргүзө алышпайт. 

Айталы, Садыр Жапаров бийликтин эки тизгин бир чылбырын алып, Баш мыйзамды президенттик кылып өзгөртүп жатканда, оппозициялык түр көрсөткөн Текебаев: "Мен адамдардын табиятын жакшы билем, ашып баратса эки жылда жүгүнүп, бүгүлүп туруп кол чаап, түптүз Түркмөнстан болосуңар", - деп сындап, бирок өзүнүн жазган Конституциясын коргобой, өзү биринчилерден болуп "бүгүлүп, жүгүнүп туруп кол чаап" Германияга элчи болуп кетти. Мына эки жүздүүлүк. 

Ал эми Садык Шер-Нияз болсо парламенттик башкарууну башым сайып коргойм деп күпүлдөп, президенттик шайлоого талапкерлигин коюп соодалашып, Францияга элчилигин алып, оозун басты. Мына позиция, бали! 

Дагы бир атамекенчилердин көзүрү Каныбек Иманалиев "Ысык-Көлдүн аксакалдары тентек уулуңарды алып кетпейсиңерби, бизди укпай жатат. Балким силерди угаар. Биринчи, губернатор болсун, тажрыйба топтосун. Мен мынчалык сабатсызды көргөн эмесмин. Болгону ден тарбия институтун сырттан окуптур", - деп маалымат жыйын өткөрүп сайрап жатып, Билим берүү министри кызматына барды. Президент мыкты стратег экен, билимдүү экениңди көрөйүн, реформа жасачы деген өңдүү атайын билим берүү тармагына жетекчи кылды. Эми кайсы күнү сагызган сактыгынан эмес, суктугунан өлүптүр болуп, кылтакка илинет айтуу кыйын. 

Айткандай, жаш туруп жанда жок кошоматчы экенин айкын далилденген атамекенчилердин Марат Тагаев деген балашкасы Октябрь окуясында "Камчыбек Ташиев бизге кетпегиле-кетпегиле деп шыбырап коюп, Сооронбай Жээнбеков менен соодалашып жүрдү. Садыр Жапаров бийликке таза кел, бандиттерге таянба", - деп тамагы айрылганча кыйкырып жамандап жатып, анан 180 градуска өзгөрүп астына ат салбаган номер биринчи кошоматчыга айланып, тилин жоорутуп жатып Маданият министринин орун басары болду. Мына эки жүздүү, арамза, кошоматчылыктын жемиши... 

Бул бийлик, мансап дешип жанталашкан "Ата Мекен" партиясынын төбөлдөрү тытынып жогорку кызмат алышкандары, майда-барат иште жармашып жүргөндөрүн сөз кылган жокпуз. 

Өкүнүчтүүсү, бир катар "Ата Мекен" партиясынын карапайым өкүлдөрү, болгондо дагы айымдар Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Перизат Суранова, Клара Сооронкулова камалып, абакта отуруп араң үй камагына чыгышты. Акыркы шайлоодо "Ата Мекен" партиясы менен шайлоого катышкан Эрлан Бекчороев, Бектур Асанов, ошол эле Равшан Жээнбеков түрмөдө жатышат.

Кызматка жеткен мансапкорлор бир үн катышканга жарашкан жок. Кызматтын кулу болуп, тилдерин тишине басып, эч нерсе болбогондой билмексен болушту. Мына тилектештик...

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алууга тыюу салынат

Булак: NazarNews.kg

Последние новости