www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Польшада Россия менен мамилени калыбына келтирүү керектигин белгилешти.
Саясат таануучу жана польшалык согушка каршы кыймылдын негиздөөчүсү Лешек Сыкульский өзүнүн Twitter баракчасына «Россия Федерациясы менен мамилени оңдой турган кыймыл түзүү зарылдыгын» жазды.
Анда «Польшада Россия менен достук мамилени бекемдей турган саясый түзүм негизделип жаткандыгын» билдирген Сыкульский «кумга башыбызды тыгып жатпашыбыз керек. Андан көрө ири өнөктөшүбүз жана коңшубуз Россия Федерациясы менен достукту бекемдөөгө умтулушубуз керек», - деди.
Биринчи иш-чаралар күз айларына белгиленүүдө.
Сыкульскийдин белгилөөсүндө «өзүнүн пикирлеш-санаалаш адамдары менен биргелешип, кыймылдын юридикалык каттоосун расмий бүтүрүп алышкан».
PRA (Польшалык согушка каршы кыймыл) Лешек Сыкульскийдин демилгеси менен түзүлгөн — ассоциация. Бирикменин өкүлдөрү Польшаны америкалаштырууга каршы чыгышып, расмий Варшаванын Украинага колдоо көрсөтүп жатканын айыптап, тескерисинче Москва менен мамилени оңдоо талабын айтып чыгышкан.
Булак: NazarNews.kg