www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунда алдамчылыкка шектелип жаза өтөп жаткан жаран кармалды. ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, жабырлануучу — 1992-жылы туулган А.З. (аял киши) Панфилов районундагы милиция кызматкерлерине 2023- жылдын 14-ноябрында кайрылган.

Анын айтымында, «Лалафо» сайтынан «Хонда Цивик» үлгүсүндөгү автоунаа сатыла турганын билгенден кийин 1989-жылы туулган Р.Д. менен байланышкан. Бул жаранга алдын ала төлөм катары 40 000 сом которуп берген.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен катталды. Чүй ОИИБ менен Панфилов РИИБдин ыкчам тобу иликтөө жүргүзүп, шектүү 1992- жылы туулган А.Г. экенин такташкан. Ал Чүй облусундагы абакта жаза өтөп жатканы белгилүү болгон. Учурда анын ушул сыяктуу башка иштерге аралашканы такталып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости