www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия ТИМи Израиль адамзатка карата жаңы кылмыш жасап, Газада азык-түлүк алууга чогулган элди аткылап, мунун кесепетинен кишилер өлгөнүнө нааразылыгын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Палестиналык ЖМКлар 29-февралда Израиль Газанын батыш тарабындагы Ар-Рашид көчөсүндө ачка калган, келген гуманитардык жардамды алуу үчүн чогулган элди бомбалаганын жазды. Анклавдын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, кеминде 112 киши өлүп, 760 киши жаракат алган.

Израиль армиясы Газанын жашоочулары кишилер гуманитардык жардам жүктөлгөн автоунаага жабыла чуркап, жөөлөшүп, ошондон улам жарадар болду дешкен. Андан көп өтпөй армия Газанын ондогон тургуну жөөлөшүп, дөңгөлөк алдында калып өлдү деген маалыматты таратышкан.

"Израиль адамзатка карата жаңы кылмыш жасап, палестиналыктарды Набулси аянтында өлтүрдү. Израиль ачка калтырууну Газадагы согушта курал катары пайдаланып, эми жашоо үчүн маанилүү жардамды алууга келген күнөөсүз жарандарга чабуул койгону Палестина элин кырып, жок кылуу максатынан кабар берет", — деп айтылат Түркия ТИМинин билдирүүсүндө.

Министрликтен Тель-Авив Газадагы согуштук операцияны тез арада токтотушу керектигин, бирок Израиль өкмөтүнүн "уяты да, абийири да жоктугун", тиешелүү чечимди кабыл албай жатканын айтышкан.

Израилдин Газадагы мыкаачылыгы дүйнөлүк көйгөйгө айланып, кесепети аймактан тышкаркы жерлерде да сезилерин белгилеген.

"Андыктан Израиль өкмөтүнө таасир бере ала турган тараптарды Газадагы зомбулукту, кан төгүүнү токтоттурууга чакырабыз", — деп айтылган билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости