www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Эл аралык кинофестивалы өтүп жатат.
2026-жылдын 16–19-июль күндөрүнө белгиленген фестивалдын негизги максаты — ШКУ өлкөлөрүнүн кинематография тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу, биргелешкен кино өндүрүштү жайылтуу жана маданий байланыштарды бекемдөө.
Иш-чаранын алкагында кино көрсөтүүлөр, эл аралык тегерек столдор, чыгармачылык жолугушуулар жана кыргыз киносунун панорамасы уюштурулууда.
Фестивалдын ачылыш аземи 16-июлда «Рух-Ордо» маданий борборунда өтүп, ага катышуучулар Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизация борборуна да барышты.
17-июлда «Рух-Ордо» борборунда «ШКУ өлкөлөрүнүн киноиндустриясы: интеграция, биргелешкен өндүрүш жана өнүгүү келечеги» аттуу эл аралык тегерек стол өтүүдө.
Ага чет өлкөлүк делегациялардын өкүлдөрү жана кыргызстандык кинематографисттер катышууда.
Ошондой эле Чолпон-Ата шаарындагы кинотеатрда сынактык тасмалар көрсөтүлүп, Кыргыз Республикасынын эл артисти Кыдыралы Кыдыралиевдин чыгармачылыгына арналган ретроспектива жана кыргыз киносунун мыкты чыгармаларынын панорамасы тартууланууда.
Фестивалдын программасы 19-июлга чейин уланат.
Жыйынтыгында эл аралык сынактын жеңүүчүлөрү сыйланып, жабылуу аземи концерттик программа менен аяктайт.