www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын Энергетика агенттигинин (dena) башкаруучу директору Кристина Хаферкамп менен жолугушту.
Жолугушуу 14-июлда Берлин шаарында өттү. Анда тараптар энергетика тармагындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты.
Өмүрбек Текебаев Кыргызстандагы энергетикалык потенциал, энергетика тармагын жаңылоого, анын натыйжалуулугун жогорулатууга жана энергетикалык коопсуздукту камсыздоого багытталган реформалар тууралуу маалымат берди.
Ошондой эле элчи кыргыз тарап Германия менен энергетика жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, тажрыйба алмашууга, заманбап технологияларды киргизүүгө жана немис компанияларын Кыргызстандагы келечектүү долбоорлорго тартууга кызыкдар экенин белгиледи.
Тараптар энергетика тармагында өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн карашты.