www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мүлдө кыргызга таанымал Чолпон Турсуновна Баекова эжебиз менен кезигип, кепке тарттык. Бала чагынан, басып өткөн жолунан, тарых-таржымалынан баштадык. Ошто төрөлүп, торолгону, Ысык-Көлдө мектепти бүтүргөнү, өжөрлүгү менен окууга өткөнү, турмушка аттанганы, үй-бүлөсү, тагдырдын жазмышы менен кызы менен уулунан ажыраганы ж. б. боюнча сөз болду. Андан соң коомчулукту кызыктырган суроолорду бердик. Эгемендүүлүк алган жыл, 1993-жылдагы Конституция, Аскар Акаев, Майрам Акаева, 2005-жылдагы төңкөрүштөгү кырдаал, Курманбек Бакиев, Баяман Эркинбаев, ж. б. тууралуу сурадык. Узун сабак кеп курдук. Элден суроолор келсе, дагы улантмай болдук. Анда баштайлык.

 — Чолпон Турсуновна, эгер туура көрсөңүз алгач өзүңүз жөнүндө, басып өткөн жолуңуз, үй-бүлөңүз, өспүрүм кезиңиз боюнча айтып берсеңиз. Бул коомчулукка да, биздин окурмандарга да кызыктуу. Ошондон кийин биз эл ичинде айтылып келген өзүбүздүн суроолорго өтсөк…

–1947-жылы Куршабда төрөлгөм. Ал жакта төрөлгөнүмдүн себеби, согуш маалында ата-энесинен ажыраган жетим балдарды Россиядан алып келип Куршабга “детдом” ачышкан экен.

Атам Турсун Кеминден болгон. Чоң атам Садип 1916-жылдагы Үркүнгө катышып, ошол жакта көп жыл жашап, кийин Алай жактан келип Өзгөндө туруп, басмаканага иштеп калыптыр. (Сталиндин учурунда Үркүндөн келгендерди дароо камап, жазалачу экен, ошол үчүн Кеминге келе алган эмес). Атамды ава деп, чоң атамды ата дечүмүн.

Чоң апам авамды төрөрү менен каза болуп калыптыр. Атасы качып кетип, энеси каза болгон үчүн авамды жетим деп “детдомго” беришиптир. 8-классты бүткөндө Токмокто техникумга тапшыртышыптыр.

Ал жерде 6 ай окуган балдарды танк айдоочу жана пулемётчу кылып согушка жөнөтчү экен. Согушка барып, пулемёттук взводдун командири катары Харьков, Воронеж шаарында согушкан экен. Колунан, денесинен жарадар болуп, согуш аяктаганда келген.

Келери менен атасы Өзгөндө жашарын аныктап, ошол жакка барып жашап жүргөндө апам менен үйлөнүптүр. Апам Түштүк тараптан, Кербендин кызы. Чоң атамдын койнунда жатчумун, ошол киши чоңойтту.

Бир үй-бүлөдө жашаганыбыз менен өзүмдүн ата-энемдин тиешеси жок болчу. Атымдан айтып чакырышчу да эмес. 1954-жылы, Сталин өлгөндөн кийин поезд менен Ташкент аркылуу Балыкчыга көчүп келдик.

Ошто өзбек балдар менен ойноп, кыргызчаны жакшы билчү эмесмин, мындан улам Балыкчыдагы балдар “сарт” деп шылдыңдап, ыйлатып да жүрүштү. Ошондон улам атам “орус класска окусун” деди.

Мектепке атлас көйнөгүм, кооздолгон топум менен баргам. Шиштака кийген орус аял кирип эле бир нерселерди сүйлөдү, түшүнбөдүм, түздөнүп койдум. Сөздөрүн кайра кайталады, дагы бир ирет түздөнүп койдум, анан тыкылдап басып келип башымдагы топуну ыргытып жиберди. Балдар каткырып жатып калышты.

— Өзбек топу беле?

— Ооба, өзбектики болчу. Аны атам атайын кооздоп, мектепке кийип барат деп шуру менен саймалатып берген эле. Топумду алдым дагы буркураган бойдон үйгө жөнөдүм.

Мектептен үйгө чейин 2–3 квартал бар. Жолдо бараткан кыргыз кишилер “Ой, кыз, эмне болду?” дейт, жооп бербейм, орустар бир нерсе деп сүйлөп жатты, эч кимисине көңүл бөлбөй шолоктоп үйгө жеттим.

Атам жамбаштап үйдө жаткан экен. Жаңы үй салып жаткан элек. Чөнтөктөй бир бөлмөсү бар эле, ошондон атам бардык короону көрүп жатчу. (Өзү сүрдүү, көзү көк, ак жүздүү киши эле). Бакырып ыйлап келе жатканымды угуп, дароо ордунан тура калды.

Өзгөндө үйрөнгөн тилим менен оногу орус катын топумду ыргытты, балдардын баары шылдың кылып күлдү, сөздөрүнө түшүнбөдүм дедим. Атам келинине (апама) кайрылып: “Ой, Калича, мугалим сөрөйгө айтып кой, баш кийимге да ошондой мамиле жасайбы” деди.

Атам “баш кийим ыйык, аны бийик кой” деп тарбиялачу. Ошол күндөн баштап намыстанып, орусчага катуу кириштим. Көп өтпөй орустардын сазайын бердим. Алдыма ат салдырбай калдым.

Москвага барганда дагы орустар: “Госпожа Баекова, Вы в совершенстве владеете русским языком” дешет. Намысыма катуу тийген экен, ызама чыдабай, орус тилин түпкүрүнө чейин үйрөнүп чыктым. Жетекчи да болдум, бирөөнүн колунда дагы иштедим, тил боюнча эч кандай тоскоолдук болбоду.

— Эмне үчүн юрист болгонуңузга да токтоло кетсеңиз?

— Окууну бүткөндөн кийин эмне үчүн юрист болуп калганымды айтсам, илгери апалар кошунадан барып бир чымчым туз же бир татым чай суратчу эмес беле. Казандан келген бир кошуна татар аял бар болчу, ошондон чайбы же тузбу, апам бир нерсе суратып жөнөттү.

Босогосунда күтүп туруп терезесинде алакандай китепчени көрдүм да, барактап көрсөм, атактуу орус адвокаты Плеваконун ишмердүүлүгү жөнүндө экен. Актоо өкүмү боюнча соттук иштерде сүйлөгөн сөздөрү жазылыптыр.

Кызыгып калып, китепти бир түнгө сурадым. Абдан баалуу китеп экенин айтып, макул болду. Беш баланын улуусу болгондуктан апама жардам берип, иштин баарын бүтүргөн соң китепти түнү менен окуп чыктым.

Эртеси мектепке жөнөгөндө китепти алып барып бердим. Бирок, адвокат дегенге түшүнбөдүм. Бүтүрүүчү класста окуп жаткан маалда, жай мезгили болчу, үйгө бир жигит келип калды.

Апамдын Жамбулда аталаш эжеси бар болчу, Түштүктөгү кожолордун кызы болгон үчүн алар да куугунтукталып, ар кимиси ар жакка чачылып кеткен экен. Үйгө келген баладан эжеси кат берип, стажировкадан өтөрүн айтыптыр.

Апам “тайкеңе тамак жаса” деп калды, экөөсү сүйлөшүп жатканда “адвокат” деген сөз болду. Анан тамак берген маалда сурасам, “адвокат, прокурор, сот баары бир эле жерден окуйт, университетте юрфак бар” деп түшүндүрүп берди.

Мектепти бүтүп, шаарга өзүм жөнөдүм. Жазган дарек боюнча Төкөлдөштөгү апамдын сиңдисиникине келдим. Жөнөгөн маалда чоң атам бир далай сөздөрдү айтып “Усубалынын баласындай бол” деп батасын берген болчу. (Кийин ойлосом, Т. Усубалиевди айткан экен, ошол маалда 1-катчы болуп келген экен).

— Үйдөгүлөр кайсы окууга тапшырышыңызды айтты беле?

— Авам менен апам физматка окугун деп жөнөткөн. Анткени, мектепте окуп жүргөндө олимпиадаларга катышып, жеңүүчү орундарга илинген элем. Университетке келерим менен юрфакты издеп таптым, азыркы Киев-Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде экен.

Деканы Н. П. Кучерявый деген орус киши экен, кийин бизге сабак берди. Ал киши документимди көрдү дагы “Мен сени кабыл алалбайм, стажың жок экен” деди. Көрсө, ал маалда 2 жылдык стаж талап кылынган экен.

Мен окуйм деп болбой койдум. “Жардам бералбайм” деди. Анан күн сайын эртең менен апам тигип берген көйнөктү кийип келип алдында күтүп турам, чачым тизеден ылдый. Жарым ай келдим.

— Өжөрлүк кылган экенсиз да…

— Декан акыры чарчады, “Башка каалаган факультетке тапшыр, мен сага жардам берейин” деп көрдү, көнбөдүм. “Усубалиев тарых факультетин бүткөн, ошого өткөрөйүн” деди, болбодум. “Эки жылдан кийин кел, сени экзаменсиз алам” деди, жок деп көшөрдүм.

Кабинети жабык болсо эшиктин алдындагы тактайчада отурам. Келип-кеткендер деле таанып калды. Бул серейген кыз эмне эле бул жерде жүрөт дегендей таңыркап, карап башташты. Бир күнү Кучерявый: “Жүр” деп ректорго ээрчитип барды.

С.Табышалиев деген киши болчу. Бир кыз ушинтип жүрөт деп айткан окшойт. Кирсем кыргызча сурады, жооп бердим. “Орусча дагы, кыргызча дагы тилиң буудай кууруйт турбайбы, башка факультетке эле бар, биз жардам берели” деди.

Жок байке мен юрфакка гана окуйм дедим. Ата-энемди, канча бир тууган экенимди сурады. Декументти кабыл алуу мөөнөтү бүтөрүнө 2 эле күн калган. Экөөсү шыбырашып, “киргизелик, баарибир экзаменден кулайт” деп сүйлөштү окшойт, документтерди кабыл алышты.

Өзүмдөн чоң эже, байкелер менен тапшырдым. Беш алдым. Анан үйгө барып апама жардам берип, кирлердин баарын жууп, короодогу таштардан бери жыйнап жүрсөм, апам “Сеники күмөндүү болуп атат, кайсыга тапшырдың” деди.

Мен айттым. “Ай, кокуй десе, ага стаж керек болсо, кабыл албайт го” деп санааркап калды. Айткан күнү келсем тизмеде мен жок экенмин. 3–4 алгандар дагы өтүптүр. Ошол жерде ыйлаганды көрүп ал, кайра деканатты барып кайтарып калдым.

Декан: “Мен сага айтпадым беле, өзүң көнбөдүң” деди. Ректорго алып барды. Ал киши: “Кайра башка факультетке тапшыр” деди. Баш тарттым. Мени сыртка чыгарып кеңешти. 20 мүнөттөн кийин декан чыгып “кандидат катары стипендия албай бир сессия окуйсуң, эгер бааларың жакшы болсо жарым жылдан кийин кабыл алабыз” деди. Макул болдум.

Үйгө барсам апам урушуп: “Эй, айланайын, аваңдын колу жарадар болсо, мен оорулуумун, карыган атаң бар, кантип стипендиясы жок окуйсуң, көкбеттенбей, сыйың менен эле башка факультетте окуй бербейсиңби” деди.

Бир жердин полун жуусам да окуйм дедим. Атам уккан экен чакырды дагы, (менин атымды өзү койгон экен, Чолпондой жаркырап турсун деп) “стипендиясы канча сом экен” деди, 35 сом дедим. “Менин пенсиям 12 сом, ошону алып, барып окуй берсин” деди.

— Кыйын учурда атаңыз студенттин тагдырын чечкен экен да…

— Апам күбүрөнүп: “Атаңдын акчасын да мойсоп кетмей болдуң” деп калды. Мен 12 сомду алып окууга келдим. Мени менен тапшырып, тарых факультетине өткөн Таластык кыз бар болчу, “Экөөбүз бир керебетке жатып эле окуй беребиз” деп кошуп алды.

— “Пол жуусам да окуйм” деген экенсиз, кийин чын эле пол жуудуңузбу?

— Мени менен окуган Аскар байке деген бар болчу, ал аскерге кеткенде аялы пол жуугуч болуп иштеп жүрүптүр. Эки жерге орношту, анын бирин мен жуучумун, 70 сом айлык алып, 35 сомун мага берип жүрдү. Биринчи сессияны жалаң бешке тапшырдым.

Андан кийин стипендия берди, көйгөй жоюлду. Анан эле Аскар байке менен бирге аскерде кызмат кылган досу ээрчип келип жүрдү. Ал учурда аралаш жашачубуз да. Армияда бирге болгон үчүн келип жүрсө керек дегем, көрсө кыздарды байкап жүргөн экен.

Айылдан келген кыздардын арасынан орусча, кыргызчаны бирдей шакылдап сүйлөп турсам, мага көңүлү түшкөн окшойт, бирок шек алдырбады. Ал учурда азыркыдай көчөлөрдө кучакташып турмай жок болчу.

Стипендия алганда 20 тыйындан чогултуп, баарыбыз топтошуп киного барчубуз. «Октябрь» кинотеатры эң популярдуу эле. Ары жагында жаңы кафе түшкөн болчу, 5 тыйындык пирожок алып, 3 тыйындык кант менен чай иччүбүз. Азыркылар ресторанга киргендей төбөбүз көккө жетчү.

— Ошентип студенттик кызуу, таттуу күндөр башталган экен да…

–1-курсту бүттүк, аны жууш үчүн алгач киного кирдик, анан чыгып кафеге барсак “сандень” деп жаап коюптур. Шорпо ичпей калган кишидей болуп ылдый баратсак баягы Аскар байке шудуңдап жетип келип, “Чопо, бул жактан чай ичип келели” деп калды.

Мен эч нерсени билген жокмун, көрсө, баарын уюштурушкан экен. Бир жерге бардык. Үйгө кирдик. Бир абышка байбичеси менен отуруптур. Боорсок бар экен, андан жедик. Анан байбичеси улам ашканага кирип жатканынан жардам бердим, чыныларын жууштум.

Бир кезде балдар “тамеки тартып келели” деп сыртка чыгышты, (анда тамеки тартмай мода болчу). Анан эле бир эже кирип (кошунасы экен) жолук салып баштаганда шекшип, сыртка шаша баштадым.

Балдар кирбейт, бирөөсү баш бакканда арыз жазып силерди окуудан чыгартам деп орусчалап кыйкырдым, жоголду. Бир топ убакыт кармаштык окшойт, бир кезде эле телефонду алып келишти, уксам эле чоң атам.

“Эмне болду, босогону өз ыктыярың менен аттадыңбы” деп сурады эле, болгон окуяны айтып бердим. “Алданып калган турбайсыңбы” деди дагы, “Апаң да быякта ыйлап жатат, эми мени жакшылап уккун” деди да, “Тагдырдын буйругунан эч жакка качып кутула албайсың кызым, балким ошол жерге сенин бактыңды, ырыскыңды байлап койгондур.

Эки кулагың менен угуп тур, Садиптин кызы эрден чыкты деген сөздү уккум келбейт, босогосун аттагандан кийин, ошол жерде отургун” деди.

— Атаңыз өкүм чыгарган экен да. Ошол өкүмгө баш ийдиңизби?

— Бүттү, өкүм чыкты. “Приговор окончательный, обжалованию не подлежит” дегендей болду. Атамдын алдына барганда эки гана шарт коюп, “Окуусун бүтсүн, иштеген ишине тоскоолдук кылбагыла. Калыңдын мага кереги жок” дептир.

Ошол күндөн баштап турмуш башталды, төрт балалуу болдук. Шартты аткарышты. Окууну бүттүм, бийик кызматтарга жеттим. Жолдошум шаардык болгону менен тарбиясы бийик эле. Атасы эткомбинатында мал сойгуч болуп иштеп, эмгекчилдигинен улам Жогорку Советке депутат болуп шайланыптыр. Ошол себептен үйүндө телефон болгон экен. Кайнене, кайнатамдар жакшы кишилер эле.

Кайнатам 3 жылдан кийин, кайненем 7 жылдан кийин, улуу кызым 1-класска барганда каза болду. Апам менен авам 50гө чыкпай 40 күндүн ичинде биринин артынан бири кете берди. Апамдын жүрөгү ооруганынан бул жакка алып келип доктурга көрсөтүп жаткам. Кечинде диванга сол жамбашы менен жүрөгүн басып жатып калган экен, эртең менен турбай калды.

Авамды согушта алган жаракаттарынан улам ооруканага жаткырган элек, апамдын кыркын берген күндүн эртеси чын дүйнөгө кете берди. Ошол маалда 30га чыгалек кезим болчу, үйдүн улуусу катары инилеримдин, сиңдилеримдин түйшүгү менин мойнума жүктөлдү.

Чоң атамдын тарбиясы болсо керек, тагдырга баш ийдим. Колумдан келген жардамымды бердим. 18-майда 75ке чыктым. Төрт балалуу; эки уул, эки кыздуу болдум. Улуу кызым, Кудайдын жазмышы экен, көзү өтүп кеткен.

География факультетин бүтүп, кайра куруудан кийин кесиби жараксыз болуп калгандыктан, Конституциялык сотто төрайым болуп турган кезимде өзүнүн курбу кыздары менен Кытайга чейин барып иштеп келди.

Таласка турмушка чыгып бир кыздуу болгон болчу. Кудаларыбыз карапайым кишилер эле. Бир күнү үйүнө кирейин деп эшигин ачканда жарылып кетип, бүт денесинин баары күйүп, Москвага чейин алып бардым.

— Эже эмне жарылган, газбы?

— Жок газ эмес, атайын жасалган. Денесинин 83% күйгөн экен, айыга албады. Каза болуп калды. Андан кийинки уулум милицияда иштечү, полковник эле, пандемиядан көзү өтүп кетти. Инилеримдин да көзү өтүп кеткен.

Эки сиңдим, бир уул, бир кызым бар. Кудайым ушуларга узун өмүр берсин деп тилеп отурам. 14 небере, 2 чөбөрөлүү болдум. Улуу кызымдан жалгыз кыз калды. Кийинки уулумдун 4 кызы, 1 уулу, кийинки кызымдын 2 кызы, 1 уулу бар.

Каза болгон баламдын 3 уулу, 1 кызы бар. Чоңдорунан 2 чєбєрєлїї болдум. Кичүү уулумдун үйүндөмүн.

— Чолпон эже, окууну аяктаган соң кай жакка жумушка орношуп, ишиңизди эмнеден баштадыңыз эле?

— Иш боюнча айтсам, 22 жашымда университетти бүттүм. Бүтөр маалда Фрунзе шаардык прокуратурасына стажировкага жөнөтүшкөн. Ал жердин жетекчиси А. Красноокий деген киши экен, кыргыздарды жактырчу эмес экен, “Плебей” деп.

Мени дагы жактырбай карап, “Октябрдын 40 жылдыгы” фабрикасында, Ленин жана Фрунзе заводдорунда эмгектик мыйзамдарынын сакталышын текшер деп жөнөттү. 3 ай текшерип, чоң справка жазып, (анда азыркыдай компьютер жок болчу, баарын колго жазганмын), өткөрөйүн деп барсам жок экен, калтырып кеттим. Окууну бүткөндөн кийин баарын мамкомиссия бөлүштүрүп, ар кайсы жакка жөнөтчү.

А. Красноокий кыргыздарды жактырбастыгын дипломду тапшырган жерде уктум, улуту еврей деп айтышты. Анда менин ишимди жаратпайт окшойт, же алыс бир аймакка жөнөтөт турбайбы деп ичимден санааркап отурдум.

Баарынын аты-жөнүн айтып, бара турган жагын белгилешти. Менин атым айтылбады.

— Эмне үчүн деп кезигип көрдүңүзбү?

— Адам жакшы ойду ойлобойт экенсиң, огобетер заманам куурулду. Эки балалуу болуп калган кезим эле, мунун жаш баласы бар экен деп жаратпай койгон окшойт дедим ичимден. Эң аягында эле “Товарищ Баекова, сизди Фрунзе шаарынын прокуратурасына жөнөтсүн деп А. Красноокий өтүнүптүр” деди. Декан дагы таң калып калды.

Шаардык Прокуратурага 5 киши бардык эле, башка жигиттерди бөлүштүрүп, мени “Жүргүн” деп Башкы прокуратурага алып жөнөштү. Ал жерде А. Сатаров деген орус прокурор бар экен. Эмне үчүн ошол маалда орустарды жооптуу кызматтарга койгондугунун себеби, анын алдында кыргыз прокурорлор коррупцияга барып, баары атылып кетиптир. Койчуманов деген фамилия эсимде.

Бирок аларды билбейм, көрбөдүм. А. Сатаровду Россиядан бизге “Для укрепления” деп жөнөтүптүр. Өзү абдан сүрдүү киши эле. Кыргыз кадрларын өстүргөнгө абдан чоң салым кошту. Кирсем суроолорду берип, граждандык, жазык иштер боюнча сурады.

Мен жазган справка колунда экен, “ушуну сен жаздыңбы” деди. Көрсө, кыргыздарды жактырбаган Красноокий справканы окугандан кийин таң калып, Сатаровго айтыптыр, “Биздин кызматкерлер да мынчалык жаза албайт” деп.

Мен кемчиликтерди ирети менен жазып, ага прокуратура кандай чара көрүшү керектигин белгилеп, сунуштун долбоорлорун так жазган элем. Абдан ынтызар, дилгир экен дешип, жактырышыптыр.

“Красноокий өзүнө суранып жатат, бирок сен бул жерде иштегин” деп, 22 жашымда бөлүмдүн граждандык иштерин көзөмөлдөгөн прокурору болдум. 5 жылдан кийин кылмыш иштер боюнча көзөмөлдөө бөлүмүнө которду.

— Эже, Жогорку сотко кантип судья болуп калдыңыз эле? Ушул боюнча дагы айтып кетсеңиз, анда дагы Турдакун Усубалиев чакырдыбы?

— Бир ирет өлүм боюнча атууга кетирүүчү процессте прокурор болуп катышып отурсам “Сизди Т. Усубалиев чакырып жатат” деген тил кат киргизди. Ишти жүргүзүп жаткан төрагадан кантип суранат экем дегичекти, ага да ошондой тил кат беришти.

Башын ийкеп, тыныгуу жарыялады. Ойго дароо эле жаман нерселер келди, бир нерсени бүлдүргөн окшойм дедим. Формамды чечип, катчы кыздын чыптамасын сурап кийип, Акүйгө келдим. Сыртында ак көйнөкчөн бирөө ары-бери басып турган экен, ушул киши мени күтүп жаткан окшойт деп жанынан өтүп баратсам, (анда орусча сүйлєшчү): “Вы Баекова” деди, “да” десем колумдан жетелеп алып үстүңкү кабатка алып чыкты.

Кабылдамада бир аз буйдалып, анан киргизишти. Төрдө Т. Усубалиев отуруптур. Мен сүрдөп, чымчыктай болуп конуп калдым. Резонанстуу иштер, кылмыштуулук боюнча кыргызча, орусча сурап, сөз козгоду. Ичимден санааркап отурам, кайсы жерден жаза бастым экен деп. Улам алдындагы кагаздарды карайт, ансайын жүрөгүм оозума кептелет.

Бир маалда “Канча жыл иштедиңиз?” деди. 8 жыл десем, “Биз сизди Жогорку Сотко которгону жатабыз” деди. Эмне дешимди билбей таң калып калдым. Кабак-кашымдан байкады окшойт, “Бир нерсени айтайын деп жатасызбы” деди.

Мен ал жерге иштей албайм, партияда жокмун дедим. “Кантип? Сиз эмне, коммунист болгуңуз келбейби?” деди. Келет, бирок менин арызымды 3 жылдан бери карай элек.

Регионго жөнөтүш үчүн эң алды мырзаларды карайт экен, меникин улам артка жылдырып жатышат десем, күтүүсүз болду окшойт, ойлонуп калды.

— Партияга өтпөй калганыңыз тоскоол болгон жокпу?

— Бир кезде столду черткилеп туруп, “Бул сиздин күнөөңүз эмес, эртең саат 9да Жогорку Советке келиңиз” деп терезеден Жогорку Советтин имаратын колу менен көрсөтүп, “Ошол жерден маселе чечилет” деди. Анда партиясыз киши судья болот деген нонсенс эле да.

Прокуратурадагылар “ЦКга Усубалиев чакырды десе, бир нерсени бүлдүргөн окшойт” дешип, баары эшиктин алдында күтүп турушуптур. “Кимдерди сурады” дешти, бир-экөөнү сураган эле, аларды айттым. “Негизи эмне үчүн чакырыптыр” дешти, мени “Жогорку Сотко котором” деди десем, “Оо, куттуктайбыз” деп сүйүнүшүп, кучактап калышты.

Эртеси Усубалиев да сессияга келген экен, депутаттар шайлап коюшту. Анан мени карашып, кичинекей эле кыз экен, кантип сот болуп иштейт деп күбүрөнүп жатышты. Анда арык чырай жан элем. Прокуратурада иштегенде таразага тїшїрїп, “38 эле килограмм экен” дешип күлүшкөн. Тили буруулар “бараный вес” деген. 5 жыл иштедим, партияга өттүм.

Бир күнү дагы “Усубалиев чакырып жатат” деп калышты. Караган иштер боюнча бир балакет болгон окшойт дедим. Ал жерде орусча, кыргызча иштерди бүт карап жаткан элем. Анткени, сотто орусча, кыргызчаны бирдей караган кадр жок болуп калып, мени ошого алып келишкен экен.

Эки тилде суроо бергени да ошондон экен көрсө. З. Ж. Жамашев барып: “Жогорку Сотто иштер аксап жатат, прокуратурада эки тилди бирдей билген кызматкер бар экен, ошону бизге которуп бериңиз” деп сураныптыр.

Аны уккандан кийин Демичев келип: “Аны биз өзүбүз үчүн өстүрүп жатабыз” деп чатак салыптыр. Эки бакыйган мамлекеттик жетекчи 1-катчынын көзүнчө талашып жатса, (анда оюма деле келген эмес эле, азыр ойлоп жатам да) анда ал кыз кылтыңдаган, көзүн сүзгөн неме окшойт деп ойлосо керек да. Кебетемди көргөндөн кийин күлкүсү келген эле.

Баса, ошондо Усубалиев: “Төрт бала тең өзүңдүкүбү” деп да сураган. Эмне үчүн сураганын кийин түшүндүм.

— Кызык окуя болгон экен…

— Т. У. Усубалиев чакырганынан эч кимге айтпай түз эле келдим. Кабылдамасынан жардамчысы тосуп алып, киргизди. Кээ бирөөлөр айтышчу, партия ишке кийлигишчү деп, бирок мага эч бир кийлигишүү болгон эмес.

Кудай акы, чындыкты айтып коюш керек. Т. Усубалиев кандай иштерди карап жатканымды сурап: “Сизди Ысык-Көлгө которолук деп чечтик. Областык сотто аял киши жетекчи болбоптур. Буга чейинки жетекчи ишти бүлдүрүптүр, сот адилеттигин тартипке келтириш керек” деди.

Облус жаңы эле түзүлгөн болчу. Мен мукактанып, күйөөм менен кеңешейин десем, “Сиз күйөөңүздөн коркосузбу” деп күлдү. Коркпойм, бирок кыргыз үй-бүлөсүндө эркек үйдүн башчысы да.

Анан дагы, жакында эле үч бөлмөлүү үйгө кирген элек дедим. (Балдарым да чоңоюп калган кез болчу. Ошол жылы жолдошум үч бөлмөлүү үй алган эле, фабрикада инженер болуп иштечү.

Ал темир-тезекке мастер, мен кагазга мастер элем). “Бул сунуш эмес, жаш коммунистке партиялык тапшырма. Ал эми квартираны тапшырып, справка алгыла, кийин кайра ошондой үй аласыңар” деди.

Үйгө келип жолдошума айтсам, “Ал киши өзү чакырып жатса, колдоп жатса, анан тажаал аялдай болуп баш тартканың жарамак беле. Балдар чоңойду, бара беребиз” деди. Батирди өткөрүп, Көлгө кеттик.

— Сизди ошол кезде Апсамат Масалиевдин да колунда иштеп калган дешет. Ал кишинин купулуна толо алдыңызбы?

— Мен барганда облустун 1-катчысы А. Масалиев эле. 5 жыл облсотто иштеп баарын иреттедим. Ар бир районду кыдырып, тапшырманы так аткардым. 5 жылдан кийин текшерип, Москвадан келген комиссия ыраазычылык айтты.

Бир күнү жумуштан кийин үйгө баратсам артымдан А. Масалиевдин жардамчысы чуркап келип: (менден улуу орус киши болчу) “Кабинетте облустун 1–2-катчылары күтүп жатат” деди.

Барып, ал-абалды сурашкандан кийин А. Масалиев: “Сизди профсоюзга которолу деп чечтик” дейт. Чалкаман кетип, мен эмне жамандык кылыптырмын дедим. Ал киши да чочуп кетип: “Эмнеге антип ойлойсуз. Мыйзамды сизден мыкты билген киши жок, профсоюздун кадырын көтөрүңүз. Эмгекчилердин укугун коргоңуз” деди. Үйгө келсем жолдошум балдар менен тизилип күтүп туруптур.

Профсоюзга которду десем, “жарым кварталга жылыпсың” деп сүйүнүп калышты.

— Башка тармакта иштөө оор болгон жокпу?

— Ишке шымаланып киришип, барбаган айыл, ферма, чабан, саанчы калган жок. Чын тийбес жетекчилер менен кызыл чеке болдум. Пржевальский ЭТЗ деген Союздун министрлигине баш ийген коргонуу ишканасы бар эле, ага обкомдун да тили өтпөйт экен.

Директорун жүдөтүп, жумушчуларга кызматтын зыяндуулугу боюнча кошумча каражат, атайын тамак берүү ж. б. талаптарды коюп, профсоюздардын атынан Москвага чейин жазып, жетекчисин кызматтан кетирүү боюнча өтүнүп, чачын тикесинен тургуздук.

Таштанбек Акматовдун бир эле жылдызы бар эле. Ж. Эшперов деген колхоз башчысына маселени коюп, кыргыздарды качанкыга чейин 2-сорт кылабыз, коллективдик подряд чарбада болуш керек деп жатат, юридикалык жагын мен жазайын, экономикалык жагын сиз жазыңыз деп ишке ашырдык.

Жыйынтыгы менен ЦК КПССке сунуш берип, анын негизинде Т. Акматовго 2-жылдыз беришти. Экөөбүз барып, Кремльден алып келгенбиз. 4 жылдай иштедим профсоюзда.

Анан эле эки областты бириктирип, Нарындык, Көлдүк кадрлардан бюрону түзүп, мен ишсиз калдым. Эки ай күттүм, жок. Мөөнөт бүтүп баратканынан Москвадагы юстиция министринин орун басарына чалдым.

Жумушсуз калганымды айтсам, таң калышып, “Кайсы жерге иштейсиз” деди. Кыргызстанга керексиз болсом, Казакстан же Россияга болсо да иштейм дедим. Кыргызстанда Масалиев 1-катчы болуп дайындалган эле, эртеси Масалиевге учуп келип, “Бул эмне деген кемсинтүү, сиз өзүңүзгө кадр даярдайм дебедиңиз беле” деп маселени коюптур. (Масалиев мени профсоюзга которгондо Москвадан нааразы болуп чалыптыр. Ошондо “өзүбүз кадр кылып даярдайбыз” деп айткан экен).

Ошол эле күнү мага Москвадагы Союздук минюсттан чалып, “Россия, Казакстанга кетпейсиз, сиз бул жакка керек экенсиз, үч күндө ишке орноштурат” деди. Үч күндөн кийин юстиция министринин 1-орун басары болдум.

Менин кызматтан улам которулгандыгым ошол мезгилде кадрды таптап, кылдаттык мамиленин болгондугунун белгиси.

— Сиз өз учурунда Легендарлуу парламентте депутат болгон элеңиз. Бул сиздин өз тандооңуз болду беле?

— Ошол жылы академияны бүтүп жаткам, Москвада жүргөнүмдө Пржевальск шаарынан, баягы ЭТЗ заводунан чалышып, “сизди депутаттыкка көрсөтүп жатабыз” дешти.

Көрсө, партиядан чыккан талапкерге атаандаш кылып жамааттын атынан көрсөтсө боло турган норма кирген экен. Москвадан келип министрге кирип айтсам, “Элдин шагын сындырганың туура эмес болуп калат го, барып көрбөйсүңбү” деди. Көлгө барып эл менен жолуктум, абдан жакшы кабыл алды. Компартиядан чыккан атаандашым мектептин директору экен.

Кудайдын буйругу менен Легендарлуу парламенттин депутаты болуп калдым. Саясатка барам деп эч качан ойлогон эмес элем. Алдыма койгон максатым чыныгы юрист болуу, элдин укугун коргоо эле.

Өмүрүмдө бирөөнүн ордун көздөп, талашкан жокмун, мобул жерге иштейсиң деген кызматына барып, милдетимди аткардым.

— Чолпон Турсуновна, депутаттык ишмердигиңиздеги активдүүлүгүңүз кантип башталды?

— Сессияга келерде регламент тууралуу окудум, жыйындардын өтүшү боюнча кандай мыйзамдар бар экенин талдап, депутаттын милдеттери кандай, ишмердигин кантип жүргүзөт деген бүт маалыматты окуп чыктым. А. Масалиев сессияны ачып, түзүмүн добушка койду. Комиссияларды түзгөнгө өттүк. Талкуусуз добуш бердире баштады.

Ошондо регламентти көтөрүп, талкуу болбой жатканын, ар бир депутаттын оюн укпай жатканыбызды айтып, партжыйындын нугу менен иш жүргүзүү туура эместигин белгиледим.

Ошондой эле бул парламент мурдагыдан айырмасы бардыгын, анткени партиядан сырткары, элдик депутаттар бардыгыбызды билдирип, Жогорку Кеңештин регламентин окуп, аткарылышын талап кылдым.

Депутаттардын баары таң калып эле карап калышты. 350 депутаттын көбү эмгек жамааттардан келгендер, саанчы, чабан, дыйкан ж. б. болчу. Арасында жазуучулар, окумуштуулар, анан партиялык кызматкерлер эле.

Элдин алдында “сындырып” коёлу дештиби, А. Масалиев төрага катары ал, андан тышкары башка депутаттар мыйзамдар боюнча түшүндүрмө талап кылып үстөкө-босток суроо беришти, баарына такылдап жооп узаттым.

Ошондон башталды. Сессиялар түз көрсөтүлүп, элдин баары кызыгып, сериал көргөндөй эле ишин жыйыштырып көрүп, угуп отурчу экен. Ошол жерден ачык-айкындык, сөз эркиндиги башталган.

Көп өтпөй үч алкаш “Беловежская пуща” келишимин кабыл алып, СССРди талкалашты. Биз эмне кылабыз деген маселени ойлонууга туура келди. Кызыгы, ошол маалда мыйзам жазганга жөндөмдүү киши жок экен.

Баары партиянын буйрук, токтомдорун жазганга машыгышып, мыйзамга көңүл бурулбаптыр. Алакан жайып отура бермек белек, ишти баштадык. Кабинет да жок болчу, кагазды тиземе коюп алып мыйзамдарды жаздым. Президенттик институтту мыйзамдын алкагында киргиздик.

— Ошол маалда интрига күч алганы айтылат. Сизди да президенттикке талапкер катары сунуштоолор боюнча сөздөр бар. Эмне үчүн баш тарттыңыз эле?

— Ошол жерден көрдүм, тызылдап чуркашып, оюн жүргүзүп жатышты. Ч. Айтматов Акаевди жетелеп келди. Ошондо мени да талапкер катары көрсөтүштү. Өлкөбүзгө сапаттуу мыйзамдар керек экенин туюп, аны жазганга киши жоктугун айтып, талапкерлигимди алдым.

Мага бере турган добушуңарды Акаевге бергиле дедим. Ошондо бирөө сен кайдан чыккан немесиң дегендей суроо бергени эсимде. Мен чыгып, туулган жерим Куршаб — ​Ош, өскөн жерим Балыкчы — ​Ысык-Көл, төркүнүм Чоң-Кемин — ​Чүй, уруум Сарыбагыш, Кайындарым Сокулук, Солтонун келинимин. Кара-Колдон депутат болуп шайланган кыргыздын кызымын дегем.

Жаагы жап болгон. Албетте, мен талапкерлигимди алып, Акаевге добушумду салдыргам деп бир да жолу айтпадым. Ал деле “мага жардам кылдың эле” деп ийилбеди. Тескерисинче, аялы өзүнчө эле теригип жатты, тыйтаңдап. Аппараттын жетекчилери, тегерегинде чуркагандар жеке кызыкчылыктарын чечип жатты. Анын баарын көрүп турдум.

Булак: Жаңы Ордо гезити

Последние новости