www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

НАТОнун чек араларын кеңейтүү жана ошону менен АКШнын аскерий чөйрөдө абалын бекемдөө ниети кооптуу, себеби ал жалпысынан чыңалуунун курчушуна, өзгөчө Украинадагы жаңжалдын созулушуна алып келиши мүмкүн. Мындай пикирин конгресстин тышкы саясат боюнча мурдагы кеңешчиси Диана Олбаум The Hill гезитине берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.

Анын айтымында, альянстын Орусияга карата аракеттери Украинадагы жаңжалдын күчөшүнө гана алып баратат. Вашингтондун эң башкы приоритети ок атышууну тез арада токтотуу жана кырдаалды жөнгө салуу болушу керек эле, бирок Джо Байдендин администрациясы конгресстин жана көрүнүктүү тышкы саясий эксперттердин кысымы астында олуттуу аскердик максаттарды көздөп баратат деген.

"Финляндия менен Швециянын НАТОго кириши Европаны коргоого жардам бербей эле туруксуздукка алып келиши мүмкүн", — деген адис.

Олбаум белгилегендей, Украинадагы кырдаал курчуганга чейин эки өлкө тең Россия тараптан коркутууларга туш болгон эмес, бирок альянстын ал жактагы аскерий таасири Москваны чара көрүүгө аргасыз кылышы мүмкүн.

Эске салсак, 15-майда Швеция менен Финляндия Түндүк Атлантика альянсына кире турганы боюнча биринин артынан экинчиси маалымат тараткан. Стокгольм менен Хельсинки көп жылдык нейтралдуулуктан баш тартып, НАТОго кирүү мүмкүнчүлүгү боюнча кеп кыла баштаган эле. Учурда бул маселе боюнча НАТОго мүчө-өлкөлөрдүн арасында кайчы пикирлер жаралды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости