www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон жана анын командасы Украинадагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга жолтоо болууда. Бул тууралуу Bloomberg басылмасындагы макалага шилтеме берип ИноСМИ жазды.

Макаланын автору Панкаж Мишра британ өкмөтүнүн жогорку даражалуу мүчөлөрү ок атышууну токтотуунун жолун бууп жатканын жазган. Премьер-министр Борис Жонсон, тышкы иштер министри Лиз Трасс жана коргоо министри Бен Уоллес Украинадагы жаңжалды саясий капиталын бекемдөө үчүн колдонушканы айтылат.

"Жонсон үчүн Орусиянын атайын операциясы болуп көрбөгөндөй пайдалуу учурда башталды. Жонсондун жалындуу сөздөрү аны Украинада баатырга айландырды. Бирок ал өлкөсүндө пандемия учурунда уюштурган кечелери үчүн административдик жазага тартылган биринчи премьер-министр болуп калды", — деп айтылат макалада.

Анткен менен автор Улуу Британиянын премьер-министри кызматтан кетиши дагы авантюризмди азайта албайт деп эсептейт.

Тескерисинче, Трасс менен Уоллес анын мураскорлору катары Орусияга каршы кампанияда жетекчисинен озуп өткүсү келип, катуу сүйлөп жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости