www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыштын Москвага каршы санкциялары Орусиянын экспорттук жана импорттук рыногунда Азия мамлекеттери үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө. Бул тууралуу РФтин экономикалык өнүгүү министри Максим Решетниковдун айтымына таянып РИА Новости жазды.

Билдирмеге караганда, мекеменин башчысы Таиландда өтүп жаткан Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык форумуна мүчө-мамлекеттердин соода министрлери менен жолугушууга катышып жатат.

"Мындай кырдаалда (санкция шартында) бир четинен бул - көйгөй, экинчи жагынан - чоң мүмкүнчүлүк. Өзгөчө Таиланддын экономикасы үчүн. Алар Орусия рыногуна кирип, пайда болгон боштуктарды толтурса болот. Дагы бир жагынан жаңы соода рыногун издеп жаткан Орусиянын ишканаларына да жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Бул отун-энергетикалык ресурс, мунай, газ, жер семирткич, азык-түлүк жана унаа куруу товарларына тиешелүү", — деген Решетников.

Ал РФ көп жылдан бери санкция шартында жашап келгенин белгиледи.

"2014-жылы эле биринчи пакет кабыл алынып, жыйынтыгында биз бул кысымды экономикабызды бекемдөөгө колдонгонбуз. Айыл чарба секторубуздун ишин жана автоунаа куруу жаатын жакшыртып алганбыз", — деген министр.

Решетников логистикадагы өзгөрүү Европа колдонуучуларына көбүрөөк таасир этерин белгилеп, ал жакта күйүүчү май дароо кымбаттап кетерин кошумчалаган. Ал эми Азия тараптагы колдонуучулар мындай учурда утушта болот.

Министр Азия рынокторуна багыт алууну тездетүү Орусия үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин белгилеген. Анткени Москвага каршы киргизилген чектөө чаралары узакка созулат. Ал дүйнөдө өз алдынча, чоң экономикалык жаңы борборлор пайда болорун кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости