www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов менен айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шериповдун ортосунда чыр чыкты.

Депутат Нурлан Шериповдун айыл чарба маселесинде компетенттүү эместигин белгиледи.

«15 мүнөт бою ал экзамендеги начар студенттей суроого жооп бере албай жатат. Ал демагогия менен алектенет, айтсаң таарынат. Билбесең жөн эле мойнуңа ал. Бул жерде айыл чарбасы менен алектенген адамдар отурат. Бизге компетенттүү адам керек. Ал (Нурлан Шерипов – болжол менен) парламентке келип, депутаттардын кыжырын келтирбесин. Өздөрү туңгуюкка кептелгени ас келгенсип, бизди да туюкка айдап жатышат», – деп ачууланды Султанбай Айжигитов.

Буга жооп катары Нурлан Шерипов эл өкүлүн жеке мамилеге кирбөөгө чакырды.

«Демагогия менен ким алектенет? Жеке жашоого өтпөңүз. Биз сиздин компетенцияңыздын кандай экенин билебиз. Мен сизден комитеттин жыйынын катуу регламенттин чегинде өткөрүүнү суранам», - деп жооп кайтарды чиновник.

Султанбай Айжигитов министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровго Айыл чарба министрлигинин жетекчисинин орун басарлык кызматына ылайыктуулугу боюнча маселени кароо өтүнүчү менен кайрылды.

«Аны бул жерден алып чыккыла. Бул жакка кайра келбесин», - деди депутат.

Өз кезегинде комитет төрагасы Аманкан Кенжебаев айыл чарба министринин чечими менен Нурлан Шерипов аталган департаменттен парламентке дайындалганын кесиптештерине эскертти.

«Маселени комитет жыйынынан кийин чечели», - деп кошумчалады ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости