www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинада согуштук абал дагы 90 күнгө узартылды

Украинанын парламенти - Жогорку Рада президент Владимир Зеленскийдин согуштук абалды жана жалпы мобилизациянын мөөнөтүн дагы 90 күнгө узартуу токтомун колдоду.

Ошентип согуштук абал жана жалпы мобилизация 23-августка чейин узартылды. Бул тууралуу украин парламентинин басма сөз кызматы 22-майда кабарлады.

Мындай чечимди Раданын 320 депутаты колдоду.

Зеленский 18-майда Жогорку Радага жалпы мобилизациянын мөөнөтүн узартууну сунуштаган.

Жогорку Рада Украинанын аймагына аскердик абал киргизүүнү 24-февралда Орусия кол салганда бир добуштан колдогон.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости