www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бүгүн шайлоочулар ушакка токтоо мамиле кылып калышыптыр», - дейт жазуучу Чолпонбек Абыкеев. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Шайлоо маданиятын окуп үйрөнгүдөй деле болдук

Эгемендүүлүктү алган 30 жылга жакынкы убакытта Кыргыздар башыбыздан биртоп эле шайлоолорду өткөрдүк. Алгачкы өткөн шайлоолорго караганда бүгүнкү шайлоодо биртоп эле бышыгып калганыбызды байкоого болот. Маселен, тээ алгачкы 1990- жылдардын ичиндеги шайлоолордо болбогон ушакка деле шайлоочулар ишенип толкуп-чайпалып кетүүчү. Ал түгүл калп айтуудан уялбаган, эки жүздүү адамдардын ойлоп чыгарган ушагына ишенген шайлоочулар нечен мыкты талапкерлерди шайлабай коюшуп, кийин чындык ачылганда өкүнүшкөн учурлары да көп болгон.

Бүгүн шайлоочулар ушакка токтоо мамиле кылып калышыптыр. Болбосо бир талапкердин үстүнөн эмне деген гана ушактар жайылбай жатат. Ал түгүл чет өлкөнүн тыңчысы да кылып жиберишти.

Болгону бизде эми шайлоо маданиятын толук өздөштүрүүгө жетишүү гана калды. Маселен, кайсыл бир талапкерди колдоо же тандоо бул ар бир адамдын жекке иши. Эгер бир үйбүлөдө беш шайлоочу болсо, бешө беш башка талапкерди тандаса да бири-бирине кысым көстөтпөшү керек. Атасы баласына же кызына мен тандаганды сен да танда дегени туура эмес. Ар ким жеке өз оюуна кожоюн болгону туура.

Туура, ар бири өз тандоолору тууралуу ойлорун айтып, мактап же жакшы жагын түшүндүрүүгө акылуу бирок күч менен мажбурлаганга акысыз. Шайлоодо бешө беш башка адамга добуш беришсе да бири-бирине ийгилик каалап кайра үйдө ынтымактуу эле чогуу тамактанып отурушу керек. Мына муну шайлоо маданиятын толук билүү жана сактоо деп коет.

Ошондой эле, талапкерлер да шайлоо маданиятын сакташканы туура. Мелдеште бири жеңилет, экинчиси жеңет. Жеңилгени кызуу кандуулукка алдырып, ар кандай шылтоо издеп, колдоочуларын көкүтүп, мыйзамсыз иштерге түртүп, көчөгө чыгарып чуу көтөрүшкөнү да маданиятсыздык. «Элдин көзү көрөгөч» - деген кеп бар. Эгер шайлоодо чын эле калызсыздык болсо, чын эле мыйзамдар одоно бузулса анда талапкерлер көкүтпөсө деле эл өзү көчөгө чыгып кетет.

Биздеги үч жолку мамлекеттик төңкөрүштүн үчө тең шайлоонун калыс эмес өткөнүнөн болду. Ал эми ар кандай жасалма чуу көтөрүү билинип калуучу иш. Кайсыл гана талапкер болбосун жок дегенде жакын туугандарынан турган колдоочулары болот. Анан аларды ээрчитип аялуу сезимдерине ойноп, мыйзамсыз иштерге алып барышканы биринчи кезекте ошол колдоочуларын сыйлабагандык.

10-январда мамлекеттин Президентин шайлаган чоң шайлоо болот. Биринчи кезекте мамлекетибиздеги, элибиздеги тынчтыкты ойлойлу. Шайлоону тынч маданияттуу өткөзөлү. Шайлоо өтөт. Жашоо андан ары да уланат.

Бүгүн мамлекетибизге биринчи кезекте биримдик, тынчтык керек болуп турат. Малекетин эгемендиги ыйык. Ал кол тийгиз нерсе. Улуттук кызыкчылык. Мамлекеттик кызыкчылык эч убакта кайсыл бир жекке кызыкчылыкка алмашылбашы керек.

Бүгүнкү муундун өкүлдөрү, келечек муунга эгемен, өсүп өнүккөн мамлекет калтыруу милдети моюнубузда турганын жана аны аткаруу ар бирибиздин башкы ыйык милдетибиз экенин унутпайлы. Биримдик, ынтымак, жоопкерчилик менен шайлоону тынч өткөрүп алалы. Келечектен жакшылык тилейли», - дейт Абыкеев.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости