www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев анын урматына шаардын атын өзгөртүү жөнүндө сөз айтты.

Назарбаевдин айтымында, ал мындай чечимдерге башында эле каршы болуп келген жана кызмат учурунда турганда аттарды алмаштырууга тыюу салган, бирок мындай сунуштар башкалар тарабынан ар бир туулган күнүндө келип түшчү. «Мен бүтүргөн мектептин атын [казак акыны] Абай атынан кантип өз атыма өзгөртөм? Бул таптакыр туура эмес көрүнүш», - деди ал. Аты өзгөрбөгөн окуу жай катары, Назарбаевдин жеке демилгеси менен ачылган университет эле калган.

Атап айтканда, Казакстандын биринчи президенти борбор калаа Астана шаарын Нур-Султан деп аталышы тууралуу дагы айтты. «Жеке мага бул таптакыр кереги жок. Мына, лидерлердин айрымдары: "Бул менден кийин калган эс-тутум" деп ойлошот. Мен жок болгондон кийин, менден калган нерсенин кандай баалуулугу бар! " - деп бөлүштү ал. Анын пикири боюнча, көзү тирүү кезинде тургузулган эстеликтер адамдын өзүнө карата ишеними аз экенини билдирет, анткени, ал дүйнөдөн өтүп кеткенден кийин, адам тууралуу эстелик кийинки муундарда калаары жөнүндө ишенбестигин көрсөтүп турат. "Ошондуктан, мен аларды мындай иш менен алек болуп кетпөөсүн суранат элем", - деди Назарбаев.

Эске салсак, Астана 2019-жылдын март айында Нур-Султан деп аты алмашкан. Демилге ошол кездеги республиканын башчысынын милдетин аткаруучу Касым-Жомарт Токаевден чыккан. Демилге колдоо тапкандан кийин, Казакстандын бир топ көчөлөрү, окуу жайлары жана башка жерлери Нурсултан аталып, көптөгөн өзгөрүүлөргө учураган. Мындай чечим бир топ коомдук нааразычылыкты жаратып, өлкөдө тополоң башталган.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости