www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жамалбек иним "Ыштан кантип кутулабыз?"- деп элге кайрылыптыр. Биринчи ошол ыш кайдан келгенин билсек анан андан кутулуунун жолу чыгат. Бишкек шаарын так айта албайм 56 тынын тегерегиндеги жаңы конуштар курчап турат. Бул конуштардын дээрлик 99 пайызы көмүр жагышат. Кийинки жылдарда чакан банялар да көбөйдү. Мен жашаган аймакта эле 4 баня бар. Баары көмүр жагып иш алпарат. Көмүр эле эмес ар нерсени кыскасы күйө тургандын баарын жагышат. Жалпы Бишкек боюнча канча баня бар экенин мэрия эсептеп чыгышы керек. Буга кошумча шаарда жүргөн машиналардын 80 проценттен ашыгы эски капкара түтүн чыгарган машиналар. Өзгөчө автобустар менен бусиктердин артынан айдап калсаң дем ала албай каласың. Муну менден да силер жакшы билесиңер.

Эмне кылуу керек? Ыштан бир жылда кутулуп койсо болот. Ага биринчи саясий эрк керек. Шаарды дээрлик электр жылыткычына өткөзүү зарыл. Демек кошумча транcформатырларды куруп, кошумча электр агымын табууга туура келет. Анткени газ деле билинбеген менен ыш чыгарат. Чыгарганда да өтө уулу ыш чыгарат. Банялардын чаканы да чоңу да бүт газ менен жылытууга өтсө. Баняга электрдин күчү жетпейт. Жетсе да өтө көп чыгымды талап кылат. Баня ээлери ага көнбөйт. Эң чоң көйгөй машиналардан чыккан түтүн. Бул элдин нааразычылыгын күчөтүүчү маселе. Жанагы "Чоңдор иштебейсиңерби? Бишкекте ышка ууланып атабыз"- дегендердин машиналарын текшерип айдаганга уруксаат бербей же очойгон штараф сала баштасаңар башкача сайрай башташат. Бирок чыдамкайлык менен күрөшсө бул деле жеңе турган маселе. Кыргыздар табышкер элбиз. Ар бир машинаны текшертип "Машинаңдан түтүн нормадан көп чыгат экен. Айдайм десең гулушителиңди оңдот?"- деп штраф сала баштасаңар гулишителге түтүндү азайтканды орнотуп берүүчүлөр жайнап чыга келет. Бир жылда тээ байыркы араң жүргөн машиналар да түтүн чыгарган жерин тууралап айдаганга өтөт. Туура коррупция пайда болуп МАИлерге кудай берет. Бирок катуу текшерип системаны жолго койсо ал деле аткарылуучу иш. Анткени бүгүн техниканын өскөн заманы. Ар бир салынган штраф ачык көрмөгө тарттыруу менен иштелсе коррупцияны дээрлик азайтканга болот. Анан бак тигүүнү көбөйтүү керек. Өзгөчө ийне жалбырактуу кышы жайы кислород бөлүп чыгарган бактарды. Булардын баары мындай айтканда оңой аткарылуучудай болгону менен өтө татаал кайталап айтайын саясий эркти талап кылуучу маселе. Бир эле мисал шаар бюджетиндеги көптөгөн башка иштерге кетүүчү чыгымдарды, курулуштарды бүт азайтып каражатты шаарды электрлештирүүгө бурууга туура келет. Электр менен жылытууга өткөн соң кышкысын электр урунуунун чыгымындагы чекти алып таштап баасын азайтып жалпы карапайым эл көтөрө алгыдай денгээлде турукташтырууга туура келет. Көмүр жаккан баня сыяктуу көптөгөн чакан жана чоң обьектилерди газга өткүлө деп кыйнашка туура келет. Алар ага көнө койбойт. Анткени газга өтүш чоң чыгымды талап кылат. Иштерин токтотсо салыкка таасири тийет. Алар шаарды ыштоочулар менен бирге эле салык да төлөөчүлөр. Чоң тоскоолдук машиналарды текшере баштаганда чыгат. Чуу көбөйөт. Баарына чыдап аягына чейин күрөшүүгө туура келет. Ушуга эркиңер жетеби? Жетсе баштагыла. Жетпесе "Бул ыштан кантип кутулабыз я-а? Акылыбыз жетпей атат"?- деп элден сурап коюп убакыт өткөзүп тынч ишиңерди кыла бергиле.

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости