www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Беларуссиядагы оппозициянын лидери Светлана Тихановская буга чейин Европаны "жакын жана улуу" деп айтып, Европа лидерлерин "ушунчалык күчтүү" деп мүнөздөгөн. Бирок ал ойлогондой чыккан жок. Анткени алар болуп жаткан окуяларга таасир эте албай "кол куушуруп отура бербейт" деп ойлогонмун, андай болгон жок” – деген. Бул тууралуу The New Yorker басылмасы жазып чыкты.
"Эми мен өзүдөрүнүн тынчсыздануусун жана тилектештигин билдиришкенине карабастан, алардын эч нерсе кыла албай тургандыктарын байкадым. "Биз бир нече айдан бери экономикалык санкциялардын үстүнөн иштеп жатабыз жана мунун бардыгы ушунчалык жай жана татаал". Европанын лидерлери "этияттык менен, Россияга карата" мамиле кылып жатышат. Мен жөн гана тынчсыздануусун билдиргендиги үчүн аларга ыраазычылык билдирбейм. Биз конкреттүү чараларды көрүшүбүз керек», - деди ал.
Буга чейин Тихановская Беларуссиянын оппозициясы Орусия менен сүйлөшүүгө даяр экендигин билдирген. Эске сала кетсек, ушул жылдын 9-августунда Беларуссияда президенттик шайлоо болуп өттү. Расмий жыйынтыктарга ылайык, Александр Лукашенко 81 пайыз добуш менен шайлоодо жеңишке жетишти. Бирок өлкө эли бул жыйынтыкты кабыл алгысы келбей, айрымдары иш ташташты. Шайлоодон кийин бир ай бою күн сайын тынч нааразычылыктар болуп жатты. Бирок өкмөт полиция жана ОМОН топторун жайгаштыруу менен митингдерди таратууга аракет кылган. Жүздөгөн адамдар камакка алынды. Шайлоодо Лукашенкого каршы чыккан оппозиция лидери Светлана Тихановская Беларуссиядан качып, Литвага баш калкалады.
Рушана Султонова, Ташкент
Булак: NazarNews.kg