www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан 30 жылдан бери өнүкпөй келе жатат деп какшап жатабыз. Ошол 30 жыл аралыгында өнүгүүгө эмне бут тоскон коррупция, бийлик өкүлдөрү деп баары эле айтып жатышат. Бирок, эч ким так жана далил менен алардын күнөөлүү экенин көрсөтүп бере алган жок ушул күнгө чейин. 

«30 жылдан берки өсүп-өнүгө албай жүдөп келе жатканыбыздын башкы себеби бийлик башындагылардын жоопкерсиздиги болду», - дейт жазуучу Чолпонбек Абыкеев. Мындай пикрин ал бүгүн, 14-январда өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Жоопкерчиликтүү башкарууга багыт алдыкпы?

Кыргызда «Ала кушту атынан ата»- деген сөз бар. Анысыңарындай бүгүн баарыбыз айтып жаткан «Президенттик башкаруу» - дегендин атын өзгөртүп «Жоопкерчиликтүү башкаруу»- деп атабайлыбы?

Анткени, 30 жылдан берки өсүп-өнүгө албай жүдөп келе жатканыбыздын башкы себеби бийлик башындагылардын жоопкерсиздиги болду. Президенттерди кой жыл сайын алмашкан Өкүмөт башчынын биринин эл алдына чыгып «Мен иштеп жүргөндө мындай иштерди жасадым»- дегенин же кайсыл бир Өкүмөт башчынын эмне кемчилдик кетирип кызматтан алынганын талкуулап элге жарыялаган Президент же Жогорку Кеңеш болгонун уктуңар беле? Жок.

Боткодой чалмакей чалынып жатса да 30 жыл бою бири да жоопкерчиликти өзүнө албады. Анткени, Баш мыйзамыбыз (атайлап) ошондой жазылган болчу. Келечекте кабыл алына турган Баш мыйзамда Президенттин жоопкерчилиги, Жогорку Кеңештин жоопкерчилиги, бийликтин башка бутактарынын жоопкерчиликтери ажыратылып, так жазылууда.

Бир да бийликтин бутагы жоопкерчиликтен качып же мурдакыдай бири-бирине шылтай албайт. Демек «Жоопкерчиликтүү башкарууга багыт алуудабыз» - деп айтууга толук негиз бар», - дейт Абыкеев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости