www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Газпромду” тейлеген Миллердин айлыгы канча?

Орусияга теңелип айланабызбы, бирок сөз кылып койсок болот. Кантсе да учурунда бир мамлекет эмес белек.  Миллердин “Газпром” менен кошуп алгандагы бюджети жалпы Кыргызстандын бюджетинен көп экени белгилүү. Чет мамлекеттик “Вашингтон пост” гезитинин жазганына караганда Миллердин айлык маянасы 17 миллион рубль. 2013-жылы Миллер “Кыргызгазга” көз арта баштайт. Кыргызстандан Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстан сыяктуу газ деле чыкпайт. Түркмөнстан 2009-жылдан баштап Орусияга газды бергенди токтотуп Иран аркылуу кете турган  башка газ кууру аркалуу чет мамлекетке чыгарып жатат,  Өзбекстан менен Казакстан “Газпромго” газын беришет. “Кыргызгаз” “Газпромго” символикалуу 1 сомго сатылган. Андан көрө кыргыздар акчага тойгонбуз бекер эле беребиз деп коюшса болмок. “Газпром” “Кыргызгазды” алган соң бир топ аймактарга газ кийиребиз деген милдеттенмелерин алган. Анын ичинде Чүйдүн түштүгүн газ менен камсыз кылуу милдети бар эле. Билим берүүгө салым кошолу деген. “Газпром” акыркы замандагы мектеп курду, бирок анын кымбаттыгынан улам акчасы чамалуу кыргыздар чыдай алышпайт. Ушуларды эске алып 2013-жылы парламенттин бийик трибунасынан Ахматбек мырза Атамбаевдин арамзалык пландарынын бетин ачкан. Анын акыйкатты ачканы үчүн Атамбаев артынан сая түшүп, 2013-жылы ноябрда жалган жалаа менен каматып, артынан өзүнө тиешелүү маалымат каражаттары менен шыбаткан. Аны Мелис Мырзакматов баш болгон Ош шаары дүрбөп колдоп чыккан, ошону менен Аалы Карашев, Тайырбек Сарпашев сыяктуу десанттар Ошко келишип Мырзакматовдун өзүн кубалап түшүп, куугунтукташкан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости