www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Окурмандын суроосу:

- Саламатсызбы. Менин 19, 17, 15 жаштагы эркек балдарым бар. Оңою менен сөз угушпайт, кичине сүйлөсөм эле кыялдарын көрсөтүшөт. Тил албагынан катуу сүйлөп жиберем, кээде ыйлайм элдин балдары кандай эле угушат, деп. Кандай кылсам болот?

Адистин жообу:

Асель Баимбетова, психолог:

- Менин биринчи суроом, балдарыңыздын атасы кайда? Себеби бул жаш куракта өспүрүм балдар үчүн алар сыйлаган, алар үчүн аброю чоң, ошону карап түздөнүп, ошого окшош болгусу келген кишинин болушу маанилүү.

Сиздин уулдарыңыз чоңоюшту. Мурункудай күчкө салып, коркутуп бир нерсе кылдыруу мүмкүн эмес. Алар баягыдай кичине бала эмес. Чоңоюп калган балдар ата-энесине жардам берет: эгер ата-энесин аябай жакшы көрсө, сыйласа, жана боору ооруса.

Сиздин тилиңизди албаганы нормалдуу көрүнүш. Алар өздөрүнүн жеке позициясын, жеке көз карашын билдиргенди үйрөнүшөт.

Балдарыңыздан бир нерсени жасап берүүсун талап кылып эмес, алар менен сүйлөшүп, кеңешип, акылдашып иш кылып көрүңүз.

bilesinbi.kg

Последние новости