www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маркум кайненеси менен пикир келишпестиктен улам өзүн өрттөгөн болушу мүмкүн 

Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы өрттөн бир аял жана анын тогуз жана бир жарым жаштагы балдары каза болду. Азырынча ИИМ экспертизанын жыйынтыктарын жана өрттүн келип чыгуу себептерин расмий жарыялай элек.

Сарай менен гараждагы өрттү коңшулары 12-февраль күнү күндүзгү саат үчтөрдө байкашкан. Өрт өчүрүү кызматы келгенге чейин алар жалынды өз алдынча өчүрүүгө аракет кылышкан.

«Биз сарайдын ичинде адамдар бар экенин билген эмеспиз. Эшиги ичинен бекилген экен. Эч кандай кыйкырыктар дагы болгон жок. Уксак куткарып калганга аракет кылат элек», — деди маркумдун коңшусу Аткамжан Ярмухомедов.

Жалпысынан үй-бүлө тууралуу коңшулары жакшы пикирлерди айтып, жубайлардын урушканын эч ким эч качан көрбөгөнүн билдиришүүдө. Алар экөө тең дудук болушкан. Күйөөсү иштеп, аялы үйдө балдары менен болчу. Бирок кайын журту менен жашаган маркумдун туугандары анын кайын энеси менен мамилеси начар болгонун айтып жатышат.

​Маркумдун коңшусу Наталья Кравченко өрттүн алдында келин бир нече литр бензин сатып алганын билдирди. «Анын бизден бензин сатып алганы бул факт. Андан кийин эмне болгонун эч ким билбейт», — деди ал.

Маркумдун күйөөсүнүн туугандары келинге эч ким кысым көрсөтпөгөнүн айтып, бардык айыптоолорду четке кагып жатышат. Милиция аялдын жана анын балдарынын өлүмү боюнча тергөө иштерин баштады.

Булак: "centralasian"

Последние новости