www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊеште Судьяларды тандоо боюнча кеӊештин мүчөлөрүн материалдык жактан колдоо максатында иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилер – депутаттар Төрөбай Зулпукаров менен Курманкул Зулушев.

Депутат Төрөбай Зулпукаровдун айтымында, сунушталган мыйзам долбоорунун негизги максаты Судьяларды тандоо боюнча кеңештин мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүн материалдык сыйакы менен камсыз кылуу болуп саналат. “Кеңештин иштөө убагында анын мүчөлөрү өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруудан бошотулат жана алардын негизги иш орду боюнча эмгек акысы сакталат”, - деди ал.

Мурда Судьяларын тандоо боюнча кеңештин 24 мүчөсү болгону, азыр ал 9 адамга чейин кыскарганы белгилүү болду. “Азыр адвокаттардын өз кесиби боюнча иштөөсүнө тыюу салынгандыктан, материалдык жактан кыйналып турушат. Ошондон улам, аларга айына 25 миӊ сомдон сыйакы чектөө сунушталууда. Эгерде кеӊештин мүчөсү кызматта иштесе, ага сыйакы төлөнбөйт. Мыйзам долбооруна өкмөттүн карщылыгы жок”, - деди баяндамачы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости