www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы 34 мектепте 7-декабрдан тарта салттуу режимде окуу башталат. Бул тууралуу райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Динара Шеркулованын айтымына таянып Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин айрым мектептердин окуучуларына жана ата-энелерине мессенджер аркылуу кулактандыруу келген.

"Урматтуу ата-энелер, дүйшөмбү күндөн тарта мектепте окуп баштайбыз. Расписаниени кийинчерээк айтабыз", — деп жазылган кулактандырууда.

Министрликтин маалымат кызматы бул билдирмени тастыктап, кийинки аптадан тарта кайсы мектептер жана кайсы класстар окуй турганын айтты.

1-класстын окуучулары гана барчу мектептердин тизмеси:

1. Озерный жаңы конушундагы орто мектеп;

2. Пригородный жаңы конушундагы орто мектеп.

1-9-11-класстын окуучулары салттуу режимде билим ала турчу мектептердин тизмеси:

1. Маевка районундагы орто мектеп;

2. Мраморный районундагы орто мектеп.

1-5-9-11-класстын балдары гана салттуу режимде окуй турчу мектептердин тизмеси:

1. Төмөнкү Ала-Арча районундагы мектеп;

2. Васильевская айылындагы №1 орто мектеп;

3. Васильевская айылындагы №2 орто мектеп.

1-2-3-4-5-9-11-класстардын окуучулары салттуу режимде окуй турчу калган мектептердин тизмеси:

1. Аламүдүн районундагы №1 орто мектеби;

2. Аламүдүн районундагы №2 орто мектеби;

3. Стрельник атындагы орто мектеби;

4. Каирминск орто мектеби;

5. Жогорку Ала-Арчадагы орто мектеп;

6. Кашка-Суудагы орто мектеп;

7. Орто-Алыштагы орто мектеп;

8. Баш Кара-Суудагы орто мектеп;

9. Грозденскийдеги орто мектеп;

10. Бирдиктеги орто мектеп;

11. Кара-Жыгач айылындагы орто мектеп;

12. Көк-Жар айылындагы орто мектеп;

13. Ленин атындагы орто мектеби;

14. Чүй орто мектеби;

15. Н. Бердибеков атындагы орто мектеби;

16. Лебединовка айылындагы №1 орто мектеби;

17. Лебединовка айылындагы №2 орто мектеби;

18. Лебединовка айылындагы №3 орто мектеби;

19. ГЭС-5теги орто мектеп;

20. Октябрь айылындагы орто мектеп;

21. Келечек айылындагы орто мектеп;

22. Бер-Булактагы орто мектеп;

23. Бейшеналиев атындагы орто мектеп;

24. Чокморов атындагы орто мектеп;

25. Горная Маевка айылындагы орто мектеп;

26. Беш-Күңгөйдөгү орто мектеп;

27. Таш-Мойноктогу орто мектеп.

Аталган мектептерге Аламүдүн райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору текшерүүдөн кийин уруксат берген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости