СҮРӨТ - Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында эмнелер талкууланды?
Расмий кабарлар | ишемби, 05 дек 2020 08:45:41 | 780Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин видеоконференция режиминде өткөн кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Артем Новиков өз сөзүндө пандемиядан кийинки мезгилде ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн экономикасынын мындан ары өнүгүшү кабыл алына турган чаралардан жана алардын туруктуулугунан түздөн-түз көз каранды экендигин белгиледи.