www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШК Жапаровго каршы түшкөн арызды канааттандырган жок

БШК Демократия үчүн коалициясынын президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун 23-ноябрда “7-каналга” берген маегине байланыштуу арызын канааттандырган жок. Мындай чечим кечээ, 4-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда кабыл алынды.

Белгилей кетсек, БШКнын мүчөлөрү телеканалды жазалоону сунушташты, бирок алар Жапаровдун иш-аракеттеринен одоно мыйзам бузууларды байкаган жок.

“Бул бардык ЖМКларга профилактикалык чара болсун”, – деди Кайрат Осмоналиев.

Бул арада БШКнын дагы бир мүчөсү талапкерлерден шайлоо алдындагы жарыш башталганга чейин маектешүүдөн алыс болууну суранды.

Жыйынтыгында, талапкерлерге жана жалпыга маалымдоо каражаттарына үгүттөө иш-аракеттеринин белгилери камтылышы мүмкүн болгон маалымат материалдарын жарыялоодон алыс болуш үчүн оозеки кайрылуу менен гана чектелди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости