www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Санариптик экономиканы өнүктүрүү ЕАЭБ мүчө-мамлекеттердин экономикалык гана эмес, социалдык жана маданий өнүгүүсүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачат. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди.

«COVID-19 санариптештирүүнү өнүктүрүүнүн катализатору катары анын жашоо чөйрөсүнүн бардык тармактарында кеңири колдонуусуна өбөлгө түздү. Вирустун пайда болушу жана социалдык обочолонуу чараларынын киргизилиши менен экономиканы санариптештирүү деңгээли жогорулады. Санариптик долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу чек араларды басып өтүп, жаңы жумушчу орундардын түзүлүшүнө жана тоскоолдуктардын алынуусуна алып келет. Санариптик технологияны өнүктүрүү жолу бирдиктүү тейлөө рыногун курууда ар кандай тоскоолдуктарды жана чектерди жоюу үчүн негиз түзөт», - деп эсептейт Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу.

Артем Новиковдун пикиринде, Биримдиктин ички рыногундагы тейлөө секторун либералдаштыруу үстүндө ишти күчтөндүрүү зарыл.   

«Санариптик күн тартип алкагында «Чек арасыз иш» долбоору иштелүүдө, ал жалпы эмгек рыногун түзүүгө, жумушчу күчтүн эркин жылуу процессин тездетүүгө жана эмгек ресурсунун мобилдүүлүгүн камсыздоого өбөлгө түзөт. Бирдиктүү тейлөө рыногун уюштуруу ишинде мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын ыраатташтыруу боюнча иш-чараларды гана жүргүзүү эмес, бирикме өлкөлөрүндөгү тейлөө көрсөтүү жана сунуштоону либералдаштыру жана кайрадан жөнгө салуу чараларын да кабыл алуу керек», - деп жыйынтыктады Премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости